Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:05

Улуу Британиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси дайындалды

Висенте Солера Дьюкар
Висенте Солера Дьюкар

Улуу Британиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Висенте Солера Дьюкар дайындалды. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.

Буга чейинки элчи Николас Боулер мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу бул постун тапшырууда.

Солера Дьюкар дипломатиялык кызматын 2026-жылдын август айында баштайт.

Британ жаңы элчиси дипломатиялык кызматта 2012-жылдан бери иштейт. Ал буга чейин Улуу Британиянын Европа жана АКШ боюнча министринин катчысы болуп иштеген, бул өлкөнүн Орусия жана Эфиопиядагы элчиликтеринде эмгектенген.


Шерине

XS
SM
MD
LG