Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:45

Алматыда өспүрүмдөр бычакташып, 12 жаштагы баланын өмүрү кыйылды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Алматы шаарында бычактан алган жараатынан 12 жаштагы өспүрүм көз жумду.

Окуя калаанын Түрксиб районунда болгон. Tengrinews басылмасынын маалыматына караганда, балага 13 жаштагы эки өспүрүм тогуз жолу бычак сайган.

Алматы шаардык полиция департаменти билдиргендей, өспүрүмдүн өлүмүнө шектүү катары 13 жаштагы шаар тургуну кармалган.

Алдын ала маалымат боюнча, балдардын ортосунда мушташ чыгып, жаңжал учурунда бычак колдонулган. Учурда шектүү атайын мекемеге жайгаштырылганы белгилүү болду.

Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Полиция тергөөнүн жыйынтыгына жараша шектүүнүн ата-энеси да жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн экенин билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG