12-июнга караган түнү дрондор Орусиянын Самара облусундагы «Тольяттикаучук» ишканасына жана Татарстандагы мунай иштетүүчү заводдордун бирине чабуул жасады.
Самара облусунун бийлиги түн ичинде дрондордун чабуулу тууралуу эскертүү тараткан. Облустун губернатору Вячеслав Федорищев Украина армиясы аймакка сокку урууга аракет кылганын айтып, жабыркагандар жок экенин билдирди.
Украинанын Exilenova+ жана Supernova+ Telegram-каналдары сокку синтетикалык каучук чыгарган «Тольяттикаучук» химиялык заводуна урулганын жазышты. Бул ишкана Орусиядагы синтетикалык каучук базарынын болжол менен төрттөн бир бөлүгүн камсыздайт.
Чабуулдун кесепеттери жана ишканаларга келтирилген зыян тууралуу маалыматтар такталып жатат.
Татарстандын Нижнекамск шаарында жайгашкан «ТАНЕКО» мунай иштетүүчү заводунда өрт чыкканы кабарланды. Supernova+ Telegram-каналынын маалыматына караганда, ишкана «Татнефть» компаниялар тобуна кирет.
Мындан тышкары, Telegram-каналдарда Нижнекамск шаарындагы көп кабаттуу турак жайга дрон тийгенден кийин бир нече батир жабыркаганын көрсөткөн видеолор жарыяланды.
Татарстандын башчысы Рустам Минниханов чабуулга кабылган ишканаларда кесепеттерди жоюу иштери жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, өндүрүш процесстери токтотулган эмес.
Бийликтин маалыматына ылайык, дрондордун бири турак жайга тийип, алгач үч адам жаракат алган.
Кийинчерээк Татарстандын саламаттык сактоо министри Алмир Абашев жаракат алгандардын саны төрткө жеткенин билдирди.
Нижнекамск шаарынын мэри Радмир Беляев коопсуздук максатында 12-июнга белгиленген бардык массалык иш-чаралар токтотулганын маалымдады.
Орусиянын Коргоо министрлиги 12-июнга караган түнү абадан коргонуу күчтөрү 231 учкучсуз учакты атып түшүргөнүн билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, дрондор Астрахань, Белгород, Брянск, Воронеж, Калуга, Курск, Липецк, Ростов, Самара, Саратов, Смоленск, Тула жана Ульяновск облустарынын, ошондой эле Татарстандын, Москва аймагынын жана Орусия аннексиялап алган Крымдын үстүнөн жок кылынган.
Бул маалыматты көз карандысыз булактар аркылуу ырастоо мүмкүн эмес.
Орусиянын армиясы 2022-жылдын февралында Украинага согуш ачканы шаар-кыштактарына дээрлик күн сайын абадан сокку уруп келет.
Шерине