Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:43

Арменияда Пашиняндын партиясы өкмөт курайт

Армян БШКсынын алдындагы каршылык  акциясы. Ереван. 14-июнь, 2026-жыл.
Армян БШКсынын алдындагы каршылык акциясы. Ереван. 14-июнь, 2026-жыл.

Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жекшембидеги кезексиз жыйынында парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгын жарыялаганын "Азаттыктын" армян кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Никол Пашиняндын "Жарандык келишим" партиясы жалпы добуштун 49,745%, "Күчтүү Армения" – 23,271%, "Армения" альянсы – 9,923% добуш алды. Гагик Царукяндын "Гүлдөгөн Армения" партиясы 3,989% добуш менен парламентке өтпөй калды.

БШКда жыйын болуп жатканда анын сыртында оппозициянын каршылык акциясы өттү. Орусиячыл "Күчтүү Армения", "Армения" альянсынын жана "Гүлдөгөн Армения" партиясынын тарапкерлери жапырт мыйзам бузуулар болгонун айтып, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты. Бийлик оппозицияны шайлоочуларга пара таратты деп билдирген.

Арменияда парламенттик шайлоо 7-июнда өткөн. "Жарандык келишим" добуштун 50% албаганы менен, Армениянын мыйзамына ылайык, жеңген партияга улуттук азчылыктар үчүн алынган мандаттар кошулат, бул ага өкмөттү коалиция түзбөй туруп куроого мүмкүнчүлүк берет. Башында орусиялык миллиардер Самвел Карапетян турган оппозициялык "Күчтүү Армения" жана экс-президент Роберт Кочаряндын "Армения" альянсы Москва менен тыгыз байланышты жактайт жана Пашинядын Евробиримдикке ыктаган курсун сындап келишет.

Шайлоо өнөктүгү Армения менен Орусиянын ортосундагы чыр-чатак фонунда өттү. Москва армян бийлигинин Евробиримдикке жакындашын сындоодо, Ереван Жамааттык коопсуздук келишим уюмун (ЖККУ) жана уюмдагы башка өнөктөштөрдү коопсуздук жаатында милдеттерин аткарган жок деп айыптаган. Буга 2023-жылы Карабахтагы окуялар негиз берген.

Армениядагы шайлоого чейин батыштагы ири маалымат каражаттары Украинада согуш жүргүзүп жаткан Орусиянын Түштүк Кавказда таасирин бекемдөөсүнө жетиштүү ресурсу жоктугун жазышкан. Forbes белгилегендей, Армениядагы шайлоо Орусиянын активдүү саясий таасир этүү аракетине обьект болуп берди.

OCCRP жана The Insider бирге жүргүзгөн иликтөөдө Арменияда Никол Пашиняндын өкмөтүн каралаган жана Орусия менен тыгыз мамилени жактаган күчтөрдү колдоого коомдук пикир жаратууга багытталган өнөктүк жүргөнү кабарланды. Ачыкталган документтерде Орусияда жашаган армян диаспорасын добуш берүүгө мобилизациялоо жана шайлоочулар, анын ичинде орус жарандыгы барлар менен да иштөө аракеттери аталган.


Шерине

XS
SM
MD
LG