18-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15–20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22°, күндүз 28…33°;
- Талас өрөөнүндө түнкүсүн 15…20°, күндүз 26…31°;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23°, күндүз 29…34°;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14°, күндүз 23…28°;
- Нарын облусунда түнкүсүн 8…13°, күндүз 22…27°.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 30…32° болот.
Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 25…27° болот.
Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 17-июнда эртең менен +19,4° түздү.
Шерине