Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:24

Кыргызстанда май куюучу жайларда спирт ичимдик сатууга тыюу салуу сунушталууда

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда май куюучу жайларда алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мындай чектөөнү депутат Медербек Чотонов демилгелеген.

Спирт ичимдиктерин сатуу боюнча талаптар “Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамында белгиленген. Бул тизмеде мектептин, оорукананын, спорттук мекеменин аймагында жана башка жерлерде сатууга тыюу салынган. Эми ушул жайларга май куюучу станцияларды кошуу сунушталууда.

“Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы жол кыймылынын коопсуздук деңгээлин жогорулатууга, транспорт каражаттарынын айдоочулары үчүн алкоголдук продукциянын жеткиликтүүлүгүнүн төмөндөшүнө, алкоголдук мас абалында жасалган укук бузууларды жана жол-транспорт кырсыктарын алдын алууга, калктын саламаттыгын сактоо жана коомдук коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты андан ары өркүндөтүүгө өбөлгө болот”, - деп жазылган долбоордун маалымкат-негиздемесинде.

9-июнда президент Садыр Жапаров мас абалында унаа айдагандарга жазаны күчөткөн мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, мас абалында унаа башкарып, жеңил кырсыкка кабылган айдоочуга 100 миң сомго чейин айып салынып, күбөлүгү үч жылга алынат. Оор залал келтирген учурда айдоочуну сегиз жылга чейин камакка алуу жана айдоочулук күбөлүгүн 6-9 жылга жокко чыгаруу каралган.

Расмий маалымат боюнча, 2025-жылы Кыргызстанда 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жаракат алган. Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG