Казан шаарынан “Азыркы замандагы кыргыз аңгемелеринин антологиясы” жарык көрдү. Ага Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиев баштаган жыйырмадан ашык автордун аңгемелери кирген.
Татарстан жазуучулар союзунун төрагасы Ркаил Зейдулла китепти Ысык-Көл форумунда алып келген.
“Азыркы кыргыз аңгемелери ар бир көз карандысыз адабияттагыдай эле бир гана чектин ичинде калбайт. Бул жерде ар кандай стилдеги, ар түрдүү багыттагы жана ар башка баалуулуктарды камтыган аңгемелер топтолгон. Ошондуктан бул антология бүгүнкү кыргыз адабиятынын абалын окурманга көрсөтө турган деңгээлде деп ойлойм”, - деп жазган китептин баш сөзүндө Ркаил Зейдулла.
Ал Кыргызстан эгемендик алгандан кийин анын адабияты менен искусствосу жаңы бийиктиктерге чыгышы керектигин, азырынча кыргыз калемгерлери ага толук жете электигин белгилеген.
Кыргыздын залкар жазуучусу жана ойчулу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу дүйнө кыргыз элинин мүнөзүн, жашоо таризин, кубанычы менен кайгысын толук түшүнөрүн жазган.
Китепти белгилүү кыргыз акыны Нарсулуу Гургубаева жана татар акыны Алия Каримова түзгөн.
Шерине