Кыргызстанда быйылкы жарым жылда 240 сел кырсыгы катталып, эки адам каза тапты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов билдирди.
Анын айтымында, учурда Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарында сел инфратүзүмгө жана аталган аймактардын жалпы экономикасына оор залакасын тийгизүүдө.
5-июнда сел суусуна кошулган баткак Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 92-чакырымында машиналарды басып калып, эки кишинин өмүрү кыйылган.
22-июнда Баткен районунда сел бир нече айылды каптап, өзгөчө кырдаал жарыяланган. Президент Садыр Жапаров Баткендеги селдин кесепетин жоюу иштерин көзөмөлүнө алганын басма сөз катчысы билдирген. (ZKo)
Шерине