Чаткалдагы Каныш-Кыя айыл аймагынын Чакмак-Суу айылындагы Кара-Токой тилкесинде жайлоого барган жолдо көпүрөнү сел алып кетти. Анын кесепетинен 38 чет элдик жаран ара жолдо калды.
Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук администрациясы билдирди. Окуя 5-июль түшкү саат 1де болгон.
Маалыматка ылайык, нөшөрлөп жааган жаандан улам дарыядагы суунун көлөмү көтөрүлүп, анын кесепетинен көпүрө жарактан чыкты.
Азыркы тапта ара жолдо калгандардын бири айланма жол аркылуу өткөрүлүп, Талас облусуна жеткирилген. Ал эми калган туристтер суунун көлөмү азайышын күтүп, Арпа-Төктү жайлоосунда чатыр тигип жатат. Аларга Каныш-Кыя айыл өкмөтү тамак-аш уюштуруп берген.
Ошондой эле азыркы учурда аларды жогорку жактагы жөө адамдар өтүүчү көпүрө аркылуу өткөрүү аракети жүрүүдө.
Суу алган көпүрөнү калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Окуя болгон жерде Орусия, Казакстан жана Кыргызстандын 40тай жараны бар экени кошумчаланды.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда ушул жылы 283 сел кырсыгы катталды.
Шерине