Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:42

Украина орусиялык армиянын Константиновканы алганы тууралуу маалыматын четке какты

Константиновка, иллюстрациялык сүрөт.
Константиновка, иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Башкы штабы орусиялык бийликтердин армия Донецкидеги Константиновка шаарына көзөмөл орноткону тууралуу маалыматын "чындыкка дал келбейт" деп төгүндөдү.

Ишемби күнү Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Андрей Ковалев "Восток" күч түзүмүнүн аскерлери калктуу конуштардын чет жакасында жана ага жакын аймактарда коргонуу операцияларын жүргүзүп жатканын билдирди.

"Константиновка калктуу конушу Украинанын Коргонуу күчтөрүнүн көзөмөлүндө", - деп белгиледи Ковалёв. Ошол эле учурда ал Орусия шаардын үстүнөн көзөмөл орнотуу аракеттерин токтотпой жатканын айтты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский кабарды "эптеп жаңылык жаратуу үчүн айтылган кезектеги орус калпы" деп сыпаттады.

"Эгер Константиновка азыр Орусиянын көзөмөлүндө болсо, анда Путинге мени менен ошол жерде жолугуп, согушту токтотуу үчүн дипломатиялык чечимдерди табуу кыйын болбошу керек", - деп жазылган Зеленскийдин Tелеграм-каналындагы билдирүүсүндө.

Орусиянын Башкы штабынын Башкы оперативдик башкармалыгынын башчысы Сергей Рудской 4-июлдагы брифингде орус аскерлери 2025-жылдын октябрынан бери салгылашуулар жүрүп жаткан Константиновканы толугу менен карамагына алганын билдирген.

"РБК-Украина" басылмасы DeepState'ттин OSINT-долбоору жарыялаган картасы орус аскерлери калктуу конуштун жанында турганы менен аны толук көзөмөлгө алганы көрүнбөгөнүн жазды.

Бир күн мурда Орусиянын Башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов фронттогу кырдаал боюнча президент Владимир Путинге отчет берип жатып Константиновка толук алынганын билдирген.

Герасимов Путинди отчет менен орус аскер жетекчилигинин кеңешмесинде тааныштырган. Кремлдин маалыматында, жыйын Орусиянын бириккен аскердик тобунун башкаруу пункттарынын биринде өткөн. Жолугушууда Путин өзүн "Луганск Эл Республикасы" (ЛЭР) деп жарыялаган аймак "толук бошотулганын" айткан.

  • Орусиянын бийлиги Украинадагы кайсы бир калктуу конуштарга көзөмөл орнотконун бир нече жолу жар салган. Мындай билдирүүлөрдүн айрымдары көз карандысыз изилдөөчүлөрдүн же украин тараптын маалыматы менен ырасталган эмес. Москва Луганск облусун (Орусиянын расмий терминологиясында - "Луганск Элдик Республикасы" же ЛЭР) толук көзөмөлгө алганын 2026-жылдын апрель айында дагы билдирген. Украин тарап бул маалыматты ырастаган эмес.
Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG