Ошто сел алты кишинин өмүрүн алды | Жаңылыктар | 25.06.2026
Венесуэлада катуу жер титирөө бери дегенде 32 кишинин өмүрүн алып, 700дөн ашык киши жараланды. Борбор шаар Каракаста жана айланасындагы конуштарда көп кабаттуу үйлөр урап калды. Ош-Гүлчө жолунда жеңил машинени сел агызып, ичиндеги алды киши каза тапты. Жаздан бери өлкөдө сел кырсыктар көп катталып, аймактарда коопсуздук маселеси күн тартибине чыгууда. Президент Ат-Башыдагы “Чар” эс алуу жайынын айланасындагы окуяны териштирүүнү тапшырды. Буга чейин ишкер Исабек Абдыгазиев УКМКнын мурдагы жетекчилигинин кысымына туш болуп, бизнесинен ажыраганын айтып чыккан.
Чыгарылыштар
-
Июль 09, 2026Трамп Украинага жүзүн бурдубу? | Жаңылыктар | 09.07.2026
Шерине