АКШнын президенти Дональд Трамп ал үчүн Иран менен ок атышпоо режими соңуна чыкканын билдирди. НАТОнун Анкарадагы саммити учурунда мамлекет башчы ирандык жетекчиликти “алдамчылар”, “көз боемочулар” деп айыптады. Ошол эле маалда тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантып же улантпоо чечимин АКШнын чабармандары кабыл аларын кошумчалады. Кечээ кечинде аймакта соккулар жанданган.
8-июлда Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШнын соккуларына жооп кайтарып, Бахрейн жана Кувейттеги америкалык базаларга чабуул койгонун билдирди. Эки өлкөдө тең авиа соккулардын коркунучун эскерткен сиреналар жаңырды, бийликтер жергиликтүү тургундарды коопсуз жайларда башкалкалоого үндөштү.
Анын алдында АКШ Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Ормуз кысыгындагы жарандык кемелерге коюлган чабуулга жооп катары америкалык аскерлер 7-июлдун кечинде Ирандагы объектилерге сокку ура баштаганын билдирген.
Андай буйрукту Трамп саммитте жүргөн маалда бергенин айрым медиа жазды.
АКШнын командачылыгы Иранды ок атышууну токтотуу келишимин бузду деп айыптады. Маалыматта айтылгандай, буга чейин Иран кысыкта бара жаткан үч кемени аткылаган.
Ислам жумуриятынын Тышкы иштер министрлиги кемелерди бутага алганын четке какты.
Муну менен катар Кошмо Штаттар ирандык мунайды сатууга уруксатты кайрадан алып салды.
Бул эки кадам өткөн айда кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандумуна чоң көлөкө түшүрдү.
17-июнда кол коюлган документке ылайык, 60 күндүн ичинде тараптар согушту биротоло токтотуу келишимин түзүүгө тийиш эле.
Шерине