Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

АКШ күчтөрү Ирандын аймагына жаңы соккуларды урду

Ирандын Бандер-Аббас шаарындагы жаңы соккулардан кийинки жарылуу. Ирандын мамлекеттик медиасы тараткан сүрөт.
Ирандын Бандер-Аббас шаарындагы жаңы соккулардан кийинки жарылуу. Ирандын мамлекеттик медиасы тараткан сүрөт.

АКШнын аскер күчтөрү Иранга жаңы соккуларды урду. Анын алдында Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Тегеран менен ок атууну токтотуу келишими жокко чыкканын, “бүгүн кечинде катуу соккулар уруларын” эскерткен.

НАТОнун Анкарадагы саммити учурунда Трамп ирандык жетекчиликти “алдамчылар”, “көз боемочулар” деп айыптаган.

Ошол эле маалда тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантып же улантпоо чечимин АКШнын чабармандары кабыл аларын кошумчалаган.

Ушуну менен акыркы эки түн катары менен АКШнын күчтөрү Иранга соккуларды урушууда.

8-июлда Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШга жооп кайтарып, Бахрейн жана Кувейттеги америкалык базаларга чабуул койгонун билдирди. Эки өлкөдө тең авиасоккулардын коркунучун эскерткен сиреналар жаңырды, бийликтер жергиликтүү тургундарды коопсуз жайларда башкалкалоого үндөшгөн эле.

Ирандын мамлекеттик медиасы жаңы соккулардан улам Бандер-Аббас, Конарак жана Чабахар сыяктуу порттор жайгашкан шаарларда жарылуулар болгонун жазышты.

Жаңы чабуулдан кийин Ирандын жооп иретиндеги соккулары каттала элек. Соңку соккулардын алдында АКШнын командачылыгы Иранды ок атышууну токтотуу келишимин бузду деп айыптаган. Маалыматта айтылгандай, буга чейин Иран кысыкта бара жаткан үч кемени аткылаган.

Расмий Тегеран кемелерди бутага алганын четке каккан. Муну менен катар Кошмо Штаттар ирандык мунайды сатууга уруксатты кайрадан алып салды. Бул эки кадам өткөн айда кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандумуна чоң көлөкө түшүрдү. 17-июнда кол коюлган документке ылайык, 60 күндүн ичинде тараптар согушту биротоло токтотуу келишимин түзүүгө тийиш эле.

Шерине

XS
SM
MD
LG