Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Дүйшөмбүдө көзү ачыктык менен алектенген беш адамга иш козголду

Тажик милициясы эмчи-домчу, көзү ачыктарды кармаганда алынган буюм-теримдер.
Тажик милициясы эмчи-домчу, көзү ачыктарды кармаганда алынган буюм-теримдер.

Дүйшөмбү шаардык ички иштер башкармалыгы 2026-жылдын алгачкы алты айында бал ачуу менен алектенген 93 учурду аныктаган.

Буга чейин көзү ачыктык кылганы үчүн административдик жазага тартылганына карабай ишин уланткан беш адамга иш козголду.

Дүйшөмбү милициясы көзү ачыктардын кызматынан пайдаланган деп айтылган 11 жаранды административдик жоопкерчиликке тартып, айыпка жыкты.

Тартип сакчылары жарандарды "терс көрүнүштү түп тамырынан бери жок кылууга кайдыгер карабай, көзү ачыктарга баруудан карманууга жана милицияга көмөк көрсөтүүгө" чакырды.

Тажикстанда төлгө салып, эмчи-домчулук менен алектенгендер мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Көзү ачыктык үчүн административдик жоопкерчилик өлкөдө 2008-жылы киргизилген. Тактап айтканда, магия менен алектенгендерге 7,8 миң сомони (843 доллар) айып пул же 15 суткага чейин камакка алуу каралган.

Эгер мыйзам бузуу кайталанса, кылмыш жоопкерчилиги каралган. Кодекстин тиешелүү беренесине ылайык, көзү ачыктарга 150 миң сомониге чейин (болжол менен 16 миң доллар) айып салынат же бир жылдан эки жылга чейин эркинен ажыратылат.

Февралдын соңунда Тажикстандын Ички иштер министрлиги сыйкырчыларды жана төлгөчүлөрдү атайын маалымат базасына киргизе баштаганын билдирген, мекеме "алар жарандарды терроризмге үгүттөшөт" деп жүйө келтирген.

Министрликтин маалыматында, 2026-жылдын башына карата өлкөдө 5 миңден ашуун сыйкырчы, төлгөчү жана "селсаяк молдолор" (диний билими жок дин ишмерлери) катталган.

Шерине

XS
SM
MD
LG