Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:59

Футбол: Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыккан командалар аныкталды

Аргентинанын футбол бооюнча улуттук курама командасы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалында. 12-июль. 2026-ж.
Аргентинанын футбол бооюнча улуттук курама командасы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалында. 12-июль. 2026-ж.

Түндүк Американын үч өлкөсүндө өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалында ойной турган командалар аныкталды. 12-июлга караган түнү чейрек финалда Англия Норвегияны 2:1 эсебинде утту. Таңга маал болгон дагы бир чейрек финалдык беттеште Аргентина Швейцарияны жеңди. Оюндун негизги убакыты 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Кошумча берилген убакытта аргентиналыктар эки гол киргизип (111-мүнөт, 121-мүнөт), жарым финалга чыгышты.

Бир күн мурда болгон чейрек финалдык оюндарда Испания Бельгияны (2:1), Франция Мароккону жеңип алган (2:0).

Эми алдыда жарым финалда Франция менен Испания (15-июль, 01:00), Англия менен Аргентина (16-июль, 01:00) ойнойт.

11-июнда башталып, 19-июлга чейин улана турган футбол боюнча дүйнө чемпионаты АКШ, Канада жана Мексикада өтүп жатат. Финалдык беттеш 20-июлга караган түнү болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG