Коррупцияга шектелип учурда камакта жаткан УКМКнын Бишкек шаары боюнча мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун (Эду) аты жазылган Instagram баракчасында жарыяланган билдирүү боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жооп берди. Мекеме тараткан маалыматта №21 мекемеде камакта кармалып жаткан Элдар Жакыпбековдун атынан социалдык тармактардагы баракчаларына билдирүүлөрдү жеке өзү жарыялап жатат деген маалымат чындыкка дал келбей турганын жазып, ал кармалып турган камеранын сүрөтүн кошо тиркеген.
«Учурда Э.Ж. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинде жалпы тартипте кармалууда. Ага эч кандай өзгөчө артыкчылыктар берилген эмес. Ал жайгашкан камерада аны менен кошо дагы беш адам кармалууда. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу тутумундагы тергөө абактарынын ички тартип эрежелеринин талаптарына ылайык, камакта кармалган адамдар уюлдук байланыш каражаттарын, интернет тармагын жана социалдык тармактарды пайдаланууга укуктуу эмес», – деп айтылат маалыматта.
Кечээ УКМКнын Бишкек шаары боюнча мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун аты жазылган Instagram баракчасында чыккынчылык тууралуу пост жарыяланган.
Элдар Жакыпбеков ушул жылдын февраль айында кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча айып тагылып, ошондон бери тергөө уланууда.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ошондон кийин УКМКнын бир катар кызматкерлери кармалып, кызматтан алынган. Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, Элдар Жакыпбековдун досу делген Балыкчы милициясынын башчысы Чыңгыз Төкөлдөшев, жакын адамы деп айтылып жаткан УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков камакка алынган. Алардын баш коргоо чарасы ошондон бери узарып келе жатат.
Шерине