Легендарлуу парламенттин депутаты Насирдин Юсупов жана анын үй-бүлө мүчөлөрү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери басым кылып, мүлкүн тартып алганын айтып чыкты.
Президент Садыр Жапаровго жолдонгон кайрылууда Бишкектин “Айчүрөк” соода борборунун алтынчы кабатындагы соода аянты жөнүндө сөз болгон.
Насирдин Юсупов депутаттыктан кеткенден кийин 1995-жылы анын жубайы соода жайынын бир бөлүгүн, тагыраагы, “Ала-Тоо” ачык акционердик коомунун 8,8% акциясын ачык аукцион аркылуу сатып алганы жазылган.
“85 жаштагы адам өз мүлкүн өз ыктыяры менен мажбурлап өткөрүп бериши үчүн "маектешүүлөрдү" өткөрүп, басым жасап, коркутуп жатышты. Насирдин Юсуповго балдары менен неберелерин ойлоо керектигин ачык эле айтышкан. Бул убакта үй-бүлө оор жоготууга учурап, үйдүн эң башкы адамын – Насирдин Юсуповдун жубайын акыркы сапарга узатып жаткан эле. Алардын трагедиясына карабастан, аталган ведомствонун айрым кызматкерлери суракка чакырууну, коркутууну жана үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнө өтө чоң басым көрсөтүүнү токтотушкан жок. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутушту”, – деп жазылган катта.
Кийин Юсуповдун жалгыз уулуна кылмыш иши козголуп, алты ай тергөө абагында кармалганы белгиленген. Кийин экс-депутаттын өзүнө да кылмыш иши ачылганы жазылган.
Кайрылууда белгиленгендей, акциялар ошол жылдары Кыргызстанда менчиктештирүү саясаты бүткөндөн кийин сатып алынган. Юсуповдун үй-бүлөсү мурдагы акционердин карыздарын жапканы айтылат.
Кийин иш сотко өтүп, 2025-жылы декабрда Аламүдүн райондук соту мүлктү мамлекетке чегерүү чечимин чыгарган. Юсуповдун жакындары процесс мыйзам бузуу менен коштолуп, судья Юсупов ооруканада жаткан жерде сот отурумун өткөргөнүн айтышкан. Чүй облустук соту да бул чечимди күчүндө калтырган.
Кайрылууда УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков жана бир катар кызматкерлер кармалгандан кийин да алардын көйгөйүнө көңүл бурулбай жатканына даттканып, президентти көңүл бурууга чакырышкан.
Аламүдүн райондук соту жана Чүй облустук соту бул кайрылуу тууралуу үн ката элек. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети да комментарий берген эмес.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалыгынан бошоткон. Ошондон кийин УКМКнын бир катар кызматкерлери кармалып, иштен алынды. Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, Элдар Жакыпбековдун жакын адамы деп айтылып жаткан УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков камакка алынган.
Мындай кызматтык өзгөрүүлөрдөн кийин мурда УКМК кызматкерлерине мүлкүн тарттырып ийгенин айтып, бийликке кайрылгандар болду. Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеӊештин 11-марттагы жыйынында “акчасын, мүлкүн, бизнесин тарттырып жибергендер болсо кайра кайтарып бергиле” деген тапшырма бергенин, мамлекетке өткөн мүлктөр жылдын аягына чейин такталып бүтөрүн айткан.
Шерине