Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:38

Орусиялык армия Киевге баллистикалык ракета менен чабуул койду

Киевге чабуулдун кесепети. 11-июль, 2026-жыл.
Киевге чабуулдун кесепети. 11-июль, 2026-жыл.

Орусиялык аскерлер түндө Киевге баллистикалык ракета менен чабуул койду. Бул тууралуу шаар мэри Виталий Кличко билдиргенин "Азаттыктын" украин кызматы жазды.

Кличконун айтымында, Голосеев районундагы эки кампада өрт чыкты.

Дарница районунда ракетанын сыныктары ачык аянтка түшүп, ал жерде турган машинелер күйүп кетсе, мектептин жанынан чуңкур пайда болуп, имараттын айнектери күүлүп түшкөн.

Орусия буга чейин 11-июлда дагы Киевге баллистика менен сокку уруп, Соломенка, Дарница, Днепров райондору жабыркаган. Мындан кийин Украинанын президенти Владимир Зеленский Батыштагы өнөктөштөрүн баллистикалык ракетага каршы Patriot абадан коргонуу комплексине байланыштуу убадаларды аткарууга чакырган.



Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG