Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:35

Орусиянын армиясы Украинаны баллистикалык ракета жана дрон менен аткылады

Украин аскерлери 17 аймакка баллистикалык ракета жана 25 дрон тийгенин,  10 жерде сыныктары түшкөнүн катташты. Киев, Украина.
Украин аскерлери 17 аймакка баллистикалык ракета жана 25 дрон тийгенин, 10 жерде сыныктары түшкөнүн катташты. Киев, Украина.

Киевге Орусия баллистикалык ракеталар менен сокку ургандан кийин 16 объектке зыян келтирилди.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин айтымында, Орусиянын куралдуу күчтөрү Днепропетровск, Донецк, Житомир жана Одесса облустарындагы маанилүү инфратүзүмдөргө дагы сокку урган.

Зеленский Харьков облусундагы соккулардан жети адам, анын ичинде бир бала жараат алганын билдирди. Ал жерде турак үйлөр, май куюучу жай жана темир жол инфратүзүмү жабыркаган.

Чернигов облусунда үч адам жараат алып, турак үй менен энергия түйүнүнүн объекттери зыян тарткандыктан, миңдеген үй-бүлө жарыксыз калган.

"Орусияга болгон кысымды күчөтүү керек. Убакыт коротпостон, ушул аптада эле Евробиримдиктин санкциялык 21-пакетин кабыл алуу зарыл. Санкциялык чечимдердин кечиктирилген ар бир күнү Орусияга чектөөлөргө даярданууга кошумча убакыт берет. Орусия согушту узартуу жана адамдарга сокку уруу үчүн колдонуп жаткан бардык тетиктер - чиптер, микросхемалар, кош багыттагы товарлардын баары токтотулушу керек", - деп жазды Зеленский Телеграм-каналына.

Днепропетровск облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа Синельников районунда Орусиянын аткылоосунун эки адам каза болуп, дагы төрт киши жаракат алганын билдирди.

Никополь районунда агрофирма, жеке үйлөр жана чарбалык курулуштар, ал эми Каменск районунда айыл чарба ишканасы менен инфраструктура жабыркаган.

Киев түн ичинде кайрадан Орусиянын баллистикалык соккусуна кабылганын калаа башчысы Виталий Кличко билдирген. Чабуулдун кесепеттери шаардын эки районунда катталган. Ракеталык соккудан адамдар жабыркаган эмес.

Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, Голосеев районунда кампа өрттөнүп, Дарница районунда ачык аянтта турган автоунаалар күйүп кеткен. Өрт өчүрүлгөн.

Украинанын Аскер-аба күчтөрү билдиргендей, абадан коргонуу күчтөрү түн ичинде учурулган сегиз баллистикалык "Искандер-М/С-400" ракетасынын бешөөнү, эки Х-59/69 башкарылуучу авиациялык ракетасын жана 108 учкучсуз учакты зыянсыздандырган.

Украиналык аскерлер бир баллистикалык ракета жана 25 сокку уруучу дрондун 17 аймакка тийгенин, 10 жерге ракета сыныктары түшкөнүн катташкан. Дагы эки баллистикалык ракета боюнча маалымат такталууда.

Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде урулган соккулар менен Киевдеги "ар кандай типтеги ракеталарды жана учкучсуз учактарды иштеп чыгууга жана чыгарууга катышкан аскердик өнөр жай ишканалары" бутага алынганын билдирди.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG