Бишкек шаарында окуучунун өлүмүнө алып келген жол кырсыгынан кийин “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы “Бишкек шаардык транспорт” ишканасында текшерүү жүргүзүп, андагы кызмат адамдары кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбастан, жарым жылдан бери транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылган адамдын коомдук транспортту башкаруусуна жол беришкенин, ошондой эле автобустарды линияга чыгаруу алдындагы техникалык көзөмөлдү формалдуу жүргүзүшкөндүгүн аныктады.
“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, 13-июлда, таңкы саат 9:00дөр чамасында №34 каттамын тейлеген Zhong Tong үлгүсүндөгү автобустун айдоочусу Рыскулов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына бурулуп жатып жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп жаткан баланы сүзүп кеткен. Алган оор жарааттарынан улам 9 жаштагы окуучу окуя болгон жерде каза болгон.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев өткөргөн чукул жыйында айдоочу 2023-жылдын сентябрь айында жарактуу айдоочулук күбөлүгү менен жумушка кабыл алынганы айтылган. 2026-жылдын январь айында ал транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылган. Ал бул фактыны жумуш берүүчүдөн жашырып, ички текшерүүлөр учурунда айдоочулук күбөлүгүнүн жасалма көчүрмөсүн көрсөтүп жүргөн. Мындан тышкары сотто ишти кароо учурунда айдоочу убактылуу жумушсуз экенин айткан, буга байланыштуу унаа башкаруу укугунан ажыратылгандыгы тууралуу маалымат ишканага жиберилген эмес.
Жол кырсыгына байланыштуу кылмыш иши козголуп, иликтөө башталган. Б.М. аттуу айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. (ErN)
Шерине