Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Трамп Иран "негизсиз кармалып турган америкалык жаранды бошотконун" билдирди

Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын президенти Дональд Трамп Иран америкалык жаранды бошотконун билдирип, муну Тегерандын "ак ниет кадамы" деп баалады.

Трамп Truth Social социалдык тармагындагы билдирүүсүндө, 2024-жылдын декабрынан бери Иранда негизсиз кармалып турган америкалык жаран өлкөдөн чыгып кеткенин айтты.

"Иран 2024-жылдын декабрынан бери негизсиз кармалып турган АКШнын жаранына өлкөдөн чыгууга уруксат берди. Ал азыр Ирандын аймагынан аман-эсен чыгып, абалы жакшы", – деп жазды Трамп.

Президент бошотулган адамдын аты-жөнүн атаган жок. Кийинчерээк адам укуктары боюнча адвокат Жаред Генсер бошотулган америкалык жаран Дена Карари экенин билдирди.

"Кардарым, АКШнын жараны Дена Карари, 2024-жылдын декабрынан бери Иранда негизсиз айыптар менен кармалып турган. Азыр ал эркиндикке чыкты", – деп жазды Генсер X социалдык тармагында.

Ал ошондой эле Трампка анын бошотулушуна көмөк көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Иран бийлиги Дена Караринин бошотулганын азырынча ырастай да, төгүндөй да элек.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио өткөн айда Вашингтон чет өлкөлөрдө негизсиз кармалган америкалыктарды бошотууга артыкчылык берерин айткан. Бирок ал конкреттүү иштер боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматына ылайык, учурда Иранда алты америкалык жаран кармалып турат.

Алардын арасында "Азаттык" радиосунун перс тилдүү кызматы – "Фарда" радиосунун мурдагы журналисти Реза Вализаде жана Нью-Йорктон чыккан иран тектүү америкалык Камран Хекмати да бар. Экөө тең Тегерандагы Эвин түрмөсүндө кармалууда.

Трамптын билдирүүсү АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу күчөп, эки өлкөнүн ортосундагы куралдуу кагылышуулар уланып жаткан учурга туш келди.

Вашингтон жана эл аралык укук коргоо уюмдары Иранды чет өлкөлүк жарандарды саясий максатта кармап, кийин дипломатиялык сүйлөшүүлөрдө соодалашуу куралы катары пайдаланат деп айыптап келишет.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG