Украинанын Одесса шаарында 17-июлда Орусиянын ракета соккусунан, баштапкы маалыматтарга караганда, кеминде эки адамдын өмүрү кыйылды. Дагы сегиз адам жабыркаганы белгилүү болду.
Жараат алгандардын арасында эки бала бар. Бул тууралуу Одесса шаардык аскердик администрациясынын башчысынын орун басары Сергей Красиленко билдирди.
«Турак жайлар, диний мекеме, мектепке чейинки билим берүү мекемеси, автоунаалар жана жарандык инфраструктуранын башка объектилери жабыркады. Окуя болгон жерде өзгөчө кырдаалдар жана коммуналдык кызматтар иштеп жатат. Ыкчам штаб түзүлдү. Жабыркагандарга бардык зарыл жардам көрсөтүлүүдө», — деди ал окуя болгон жерден.
17-июлга караган түнү Орусия Сумы шаарына да чабуул жасаганын калаанын аскердик администрациясынын башчысы Артем Кобзарь билдирди.
«Таңкы саат 03:00 чамасында душман шаардын борбордук бөлүгүнө жана анын чет жактарына башкарылуучу авиабомбалар менен беш жолу сокку урду. Натыйжада көп кабаттуу турак үйдө 100дөн ашуун терезе талкаланды. Окуя болгон жерде тиешелүү кызматтардын баары иштеп жатат», – деп жазды аткаминер.
Орусия 2022-жылдын февралынан бери Украинанын шаар-кыштактарына жана жарандык инфраструктурасына куралдын көптөгөн түрү – сокку уруучу учкучсуз учактар, ракеталар, башкарылуучу авиабомбалар (КАБ), ошондой эле жапырт аткылоочу реактивдүү системалар (РСЗО) менен чабуул жасап келет.
Украинанын бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусиянын атайын максаттуу түрдө жасап жаткан согуш кылмышы катары баалашат. Калктын күнүмдүк тиричилигин камсыздоочу системаларды, саламаттык сактоо мекемелерин аткылоо, адамдарды электр энергиясынан, жылуулуктан, суу менен камсыздоодон, байланыштан, медициналык жардамдан жана жашоо үчүн зарыл болгон башка шарттардан ажыратууга багытталган аракеттер геноцид белгилери катары мүнөздөлөт.
Ал эми Орусиянын жетекчилиги муну четке кагып келет.
Шерине