Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Венесуэлада жер титирөөдөн каза болгондор саны 5 миңден ашты

Венесуэла. Кырсык болгон аймак.
Венесуэла. Кырсык болгон аймак.

Венесуэлада 24-июндагы эки жолку жер титирөөдөн каза болгондордун саны 5069га жетти. Бул тууралуу 18-июлда Deutsche Welle өлкөнүн Улуттук Ассамблеясынын төрагасы Хорхе Родригеске таянып жазды.

Мындан тышкары, 16 740 адам жараат алганы жана 17 907и үй-жайсыз калганы белгилүү болду.

Жер титирөөдөн 190 имарат толугу менен урап, 856 объект олуттуу зыянга учураган.

24-июндун кечинде алгач 7,2 балл, андан кийин бир мүнөттө дагы 7,5 баллдык силкинүү болгон. Родригестин айтымында, каза тапкандардын көбү өлкөнүн жээк аймагында катталды.

Ал эми жер титирөөдөн үй-жайсыз калгандар азыр киши толуп кеткен лагерлерде жашоого аргасыз болуп жатканын, алардын көбүндө суу менен камсыздоо жана зарыл санитардык шарт жок экенин AFP агенттиги кабарлады.

Кош кырсыктын кесепетин жоюу үчүн Венесуэлага Эл аралык валюта фондунан 346 миллион доллар бөлүнгөн.


Шерине

XS
SM
MD
LG