18-июлда Иран АКШнын Перс булуңундагы союздаштарына каршы чабуулдарын улантты. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.
Кувейтте деңиз суусун тазалоочу завод зыянга учураганы, эл аралык аэропорттун иши ракета жана дрон чабуулдарынын коркунучунан улам убактылуу токтотулганы маалымдалды.
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Арифжан базасындагы америкалык аскердик колдоо борборуна сокку урулганын билдирүүдө. Ошондой эле Кувейттеги Али-Салем авиабазасындагы радиолокациялык станция талкаланганы белгилүү болду.
Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары Бахрейнде АКШнын аскердик учактары жана чалгындоо борбору жайгашкан Шейх Иса аба базасына чабуул жасалганын кабарлашты.
АКШ Ирандын аскердик объектилерине жети түн катары менен чабуул коюп келген эле. 18-июлга караган түнү АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы Ирандын байкоо объектилерине, аскердик логистикалык инфраструктурага жана жер астындагы курал-жарак кампаларына сокку урулганын билдирди.
17-июлда БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш аймактагы чыңалууга, айрыкча "Ирандын өзүндө жана аймактагы жарандык инфраструктурага кол салууларга" байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп дүйнөлүк мунай соодасынын негизги маршруттарынын бири болуп калган Ормуз кысыгында Иранга каршы блокаданы кайрадан улантуу тууралуу билдирген. Анын айтымында, блокада Ирандын кемелерине жана Тегерандын кардарларына гана тиешелүү, ал эми "башка өлкөлөрдүн баары кысыкты эркин пайдалана алышат".
Иран, өз кезегинде, Вашингтонго "АКШнын жана анын союздаштарынын кызыкчылыгына туура келген мунай жана газ экспорттоочу башка жолдор жабылат" деп эскертти.
АКШ да, Иран да бири-бирин өткөн айда жетишилген макулдашууну бузду деп айыптап жатышат.
Шерине