Президент Садыр Жапаров "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзамына кол койду.
Документке ылайык, жер мунапысына кире турган тилкелердин тизмеси кеңейип, 2021-жылдын 1-декабрына чейин башаламан курулуштар түшкөн аймактардагы жер тилкелерин да мыйзамдаштырууга уруксат берилет.
Бул жеке турак үйлөрү бар (анын ичинде курулушу бүтө элек объектилер жайгашкан) жерлерге, 2025-жылдын 1-июлуна чейин (анын ичинде ошол күнү) мыйзамдаштыруу боюнча арыз берилген бош жер тилкелерине дагы тиешелүү.
Мыйзамга ылайык, жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселелерин караган мамлекеттик комиссия түзүлөт. Комиссия башаламан курулуштар жайгашкан аймактардагы бош жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жана аларды мамлекеттин менчигине өткөрүү маселесин дагы карайт.
Документке ылайык, бакча жана дача тилкелеринен башка жер мунапысына кирген тилкелер жана аларга чектеш жалпы пайдалануудагы аймактар (жолдор, көчөлөр, тротуарлар, жашыл зоналар, арыктар, парктар, скверлер жана башка объектилер) жергиликтүү мамлекеттик администрация же мэрия тиешелүү тизмени бекиткенден кийин "калктуу конуштардын жерлери" категориясына өткөрүлгөн болуп эсептелет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирип, Министрлер кабинетине бир айдын ичинде өз чечимдерин жаңы мыйзамдын талаптарына шайкеш келтирүү тапшырмасы берилди.
2025-жылы 18-июнда Жогорку Кеңеш кабыл алып, президент Садыр Жапаров быйыл 14-июлда кол койгон мыйзам "Эркин Тоо" гезитине жарыяланды. (ST)
Шерине