Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:40

Лейлекте "Азаттыктын" каарманы Ыкыбал Абдувалиевага үй берилди

Ыкыбал Абдувалиевага берилген үй.
Ыкыбал Абдувалиевага берилген үй.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жер алмашуудан кийин турак жайсыз калган Лейлек районунун тургуну Ыкыбал Абдувалиевага Баткен облусунун Лейлек районундагы Раззаков айылынан үй берилди.

Үч бөлмөлүү үйдүн ачкычын президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов тапшырды. Маалыматка ылайык, үй Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен берилди.

Абдувалиева жергиликтүү бийликке жана “Азаттыкка” ыраазычылыгын билдирди.

Президенттин өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, Абдувалиеванын үй-бүлөсү мурда Тажикстандын жарандары болгон. Алар 2016-жылы Кыргызстандын жарандыгын алышкан. Чек араны делимитациялоонун жыйынтыгында мыйзам боюнча турак жай менен тажик тарап камсыздоого тийиш болчу. Бирок үй-бүлө Кыргызстандын жарандары болгондуктан ал жактан да үй ала албай калган.

Ыкыбал Абдувалиева буга чейин чек араны тактоо жана жер алмашуу процессинен кийин үйсүз калганын айтып, "Азаттыкка" кайрылган. Ал үй-бүлөсү менен Бишкекте батирде жашап, жолдошу экөө "Дордой" базарында картон кутуларды чогултуп күн көрүп жатканын билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, чек араны тактоонун жыйынтыгында Баткен облусундагы 259 үй Тажикстанга, ал эми Согд облусундагы 214 үй Кыргызстанга өткөн. Кыргызстан турак жайы Тажикстан аймагында калган жарандар үчүн Баткен районундагы Жаңы-Достук айылында жана Лейлек районундагы Раззаков жана Максат айылдарында жалпысынан 257 жаңы үй куруп, ээлерине берген.


Шерине

XS
SM
MD
LG