Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:34

Экономика министрлиги Wildberries’деги кыргыз ишкерлери тарткан зыянды тактай баштады

Украин дрондорунун чабуулдарынан кийин өрттөнгөн Wildberries компаниясынын кампаларынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Украин дрондорунун чабуулдарынан кийин өрттөнгөн Wildberries компаниясынын кампаларынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги Орусиядагы Wildberries компаниясынын кампаларындагы өрттө кыргыз ишкерлери тарткан зыяндын көлөмүн тактоо жумуштарын баштады. Бул тууралуу аталган министрлик 22-июлда кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 21-июлда экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Wildberries компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү менен жолукту.

Жолугушууда 18-июлга караган түнү Москва облусунун Электросталь жана Тамбов облусунун Котовск шаарларындагы Wildberries компаниясынын логистикалык комплекстерине учкучсуз аппараттар менен жасалган чабуулдун кесепеттери талкууланды. Аталган окуянын натыйжасында кампаларда товарлары сакталган Кыргызстандын тигүү тармагынын ишкерлери дагы жабыркаган.

Wildberries компаниясынын өкүлдөрү келтирилген зыянды баалоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Анын ичинде кампалардын жабыркаган көлөмүн аныктоо, ошондой эле кампаларда сакталган товарларды, анын ичинде кыргыз ишкерлери өндүргөн продукцияны инвентаризациялоо иштери жүргүзүлүүдө.

Баалоо иштери аяктап, Wildberries компаниясынан тиешелүү маалыматтар алынгандан кийин жана Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги жүргүзгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча келип чыккан маселелерди жөнгө салуу жана биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн кийинчерээк дагы жолугушуулар уюштурулмакчы.

Министрлик атамекендик тигүү тармагынын ишкерлерине келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо үчүн алардын өздөрүнөн да сурамжылоо жүргүзүү аркылуу маалыматтарды чогултууда.

18-июлга караган түнү Москва облусундагы Электросталь жана Тамбов облусундагы Котовск шаарларындагы Wildberries маркетплейсинин кампаларына дрон тийген. Жалпы сегиз киши каза таап, 80ден ашууну түрдүү жараат алды.

Орусиянын Краснодар жана Ставрополь крайларына 22-июлга караган түнү жасалган дрон чабуулунан Wildberries компаниясынын дагы эки логистикалык борбору бутага алынды.

Орусиянын Wildberries маркетплейси аркылуу кийим-кечек сатып иштеген кыргыз ишкерлери өкмөткө кайрылып, миллиондогон рублдик товары дрон чабуулунан кийин өрт чалган кампада калганын билдирип чыккан. Электросталь шаарындагы Wildberries компаниясынын кампасындагы өрттө документтери калып кеткенин билдирген кыргызстандык бир нече жаран элчиликке кайрылганы маалым болгон. Каза тапкан жана жаракат алгандар арасында кыргызстандыктар жок.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) дипломатиялык өкүлчүлүк документтерди тариздөө жана калыбына келтирүү боюнча көмөк көрсөтүүгө, өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берүүгө даяр экенин билдирген. (ErN)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG