Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:34

"Күйүүчү майды Орусиядан башка өлкөлөрдөн алабыз". Амангелдиевдин маеги

Данияр Амангелдиев, Кытайдан бензин тарткан машинелер. "Азаттыктын" коллажы
Данияр Амангелдиев, Кытайдан бензин тарткан машинелер. "Азаттыктын" коллажы

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстандагы күйүүчү майдын тартыштыгы, баанын өсүшү, кошумча багыттар, инвестициялык саясат, чет элдик инвесторлорго шарт түзүү жана жерди ижарага берүү, Кытай темасы боюнча "Азаттыкка" маек курду.

- Кыргыз коомун түйшөлткөн күйүүчү май маселесинен баштасак. Азыр жагдай кандай жана канчага чейин жете турган күйүүчү май запасы бар?

- Өзүңүздөр билгендей, бир ай мурун бул маселе козголо баштаганда өкмөт бааларды турукташтыруу боюнча токтом чыгарып, президент да тапшырма берген. Геосаясий маселенин арты менен мунайдын баасы кескин кымбаттады. Орусиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдор да талкаланып, ал жактын өзүндө өтө чоң таңкыстык пайда болду. Орусиянын ички керектөөсү 50 миллион тонна болчу. Ал эми Кыргызстан жылына 1,2 миллион тонна эле коротот. Бул боюнча ал тарап менен алдын ала келишим түзүлгөн. Бирок Орусия ички муктаждыгын канааттандыруу үчүн бардык экспортко, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнө чыгарууга да тыюу салды. Ага карабай, Орусияга бир нече ирет барып, сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Алардын айтымы боюнча бир-эки ай ичи кырдаал оор болуп турат. Андан кийин алган милдеттемелерин аткарганга толук кепилдигин берип жатышат. Бирок азыр ошол убактылуу чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алууну суранышты.

Коомчулукта дагы бир маселе – Орусияга көз каранды болуп жүрөбүз, башка альтернативдүү жолдор жокпу деп атышат. Альтернативдүү булактар бар, бирок алар кымбат. Биздин эң биринчи максат – калкка баасы туруктуу жана стабилдүү жеткирүүлөрдү камсыз кылуу болчу. Ага карабай, өкмөт кымбат болсо дагы бардык тараптан күйүүчү майдын корун толтурууну көздөп жатат. Көйгөй жаралган учурда кор эки-үч аптага жете турган көлөмдө болсо, азыр бир жарым айга жетет. Бул боюнча Кытай мамлекети менен да келишимдерди түздүк. Бул иш токтобойт. Биз кеминде эки жарым айлык корду чогултуп алышыбыз керек.

Мындан тышкары бааларды турукташтыруу боюнча иш жүрүп жатат. АИ-92 менен АИ-95 бензининин ортосунда мурда бир-эки сом айырма болсо, азыр 10 сомдон ашып кетти. Бул өкмөттүн баа саясаты же субсидиялоосунун жыйынтыгы. Дизелдин баасын туруктуу кармоо үчүн мамлекет субсидия берип жатат. Анткени бул социалдык маанидеги товарларга кирет жана ал экономикалык процесстерге таасир берет. Кайра иштетүү, айыл чарба, кен иштетүү, коомдук транспорт дизелге көз каранды. Азыр АИ-95тин баасы 120 сом болсо, дизелдин базардагы наркы 148-150 сомго жетип калган. Муну жөнгө салып жатабыз.

Быйылкы жылды кандай келишим болсо да ошолор менен жыйынтыктап, келерки жыл үчүн жаңы көлөмдөр боюнча заводдор менен макулдашып, туруктуу жеткирүүнү камсыз кылабыз.

- Азыр Орусиядан экспорт болбой жатса, кайсы өлкөлөр менен конкреттүү келишим бар жана канча көлөм боюнча сөз болуп жатат?

- Бизде азыр Беларус менен келишим бар. Буга чейин Орусиядан транзит менен алып өтүү маселе болуп жатат дегенбиз. Адылбек Касымалиев Орусиянын премьер-министри менен сүйлөшүп, ал маселе чечилди. Мындан тышкары Кытайдан да ташып келүү болуп жатат. Келерки жылы көбүрөөк көлөм да Кытайдан келет. Мындан тышкары Өзбекстан менен кайра иштетүү боюнча сүйлөшүүлөрүбүз бар. Мисалы, Орусиядан же башка кайсы гана өлкөдөн болбосун, сырьёлорду алып келип, Өзбекстанда кайра иштетип алсак болот.

Казакстан менен мазут алуу боюнча сүйлөшүп, макулдугу алынган. Анткени күз-кышка даярдык үчүн бул маанилүү жана от казандар мазут менен иштей турганын билесиздер. Ушул сыяктуу орчундуу маселелер комплекстүү каралып жатат.

- Кытайдан күйүүчү майдын алгачкы партиясы кечээ күнү келди. Орусиядан башка жактан ташылган майлардын баасы кандай болуп жатат? Бул багытта мамлекеттик субсидиялоо канча убакытка созулат?

- Негизинен жылдын аягына чейин улана деп токтом кабыл алынган. Буга чейин күйүүчү майлардын баалары кескин өскөнүнө байланыштуу биздин мунай ташуучулар жаңы келишимдерди түзүүдө чочулай башташкан. Ошого байланыштуу өлкөдөгү запас азайып кетти. Биз муну байкап, шашылыш иш-чараларды жүргүзүп, алар менен кандай баада болсо да алып келип, запасты толтуруу аракетин көрдүк. Азыр эки жарым айга жете тургандай кылып топтоонун аракетин көрүп жатабыз. Анткени кырдаал кандай болуп кетерин, дүйнөдөгү абал кандай болорун билбейбиз.

- Күйүүчү майдын тегерегиндеги кырдаал азык-түлүк инфляциясына кандай таасир берет? Өкмөт бул багыттагы бааны туруктуу кармайбыз деп жоопкерчилик алабы?

- Сөзсүз түрдө жоопкерчиликти алат. Дүйнө жүзүндө баалар кандай боло турган болсо, ошого жараша баа саясаты жүрөт. Мисалы, эттин баасын алалы. Бизде анын бир килограммы 7-8 доллар болсо, кошуна өлкөлөрдө 12-13 долларга чейин жеткен. Бул рынокто эттин көлөмүнүн азайышына байланыштуу болгону үчүн өкмөт убагында чара көрүп, экспортко тыюу салды.

Андан тышкары базар менен ортомчулардын ортосунда бааларды турукташтыруу маселеси да каралган. Биздин анализ боюнча үч айдан бери эттин баасы туруктуу сакталып келатат. Бизде инфляцияны Улуттук банк карайт жана ал мекеме менен бул багытта он күн сайын кеңешме өткөрүп турабыз. Бул маселе мындан ары да биздин көзөмөлдө болот.

- Узак мөөнөттүү перспективадан алганда Кыргызстан альтернативдүү булактарды дайым колдонобу? Бул багыттагы аракеттер кандай жүрөт?

- Келерки жылы "Жунда" заводунун реконструкциясы бүтөт. Эмдиги жылдан баштап К5 үлгүсүндөгү май жылына 800 миң тонна көлөмдө чыга баштайт. Келерки жылы Орусия жана башка мамлекеттер менен да түз жеткирүү боюнча келишимдерибиз турат. Кайра иштетүүдө "Жундадан" тышкары "Кыргызнефтегаз" ишканасынын алкагында К5 үлгүсүндөгү май 2028-жылдан тарта чыга баштайт. Ошону менен ички коопсуздукту камсыздоо маселеси да толугу менен чечилет.

Ушул эки долбоор менен ички керектөөлөр толугу менен чечилет. Мындан тышкары эркин рынокто мунай ташуучулар да май алып келип сата алат. Ошондо баалар да туруктуу болот.

- Коомдун көңүл борборунда дагы бир маселе – өкмөттүн инвесторлорго берип жаткан мүмкүнчүлүктөрү жана шарттары жөнүндө. Азыр чет элдик инвесторлорго жерди 50 жылга колдонууга берүү деген маселе актуалдашты. Өкмөт буга чейин эле болгон, бар болгон норма экенин жүйө келтиргени менен маселе коомчулуктун көңүл борборунда. Бул механизмди өкмөт кандай иштетүүнү көздөп жатат жана инвесторго кандай талаптар коюлат? Өкмөт "Жер чет элдиктерге узак мөөнөткө берилип кетти" деген сын-пикирлерге кандай карайт?

- Мисал келтирсек, мен мурда мэр болуп кеткен Токмок шаарында ири айнек чыгаруучу завод бар. Аны германиялык инвестор негиздеген жана иштетет. Завод толугу менен ага тиешелүү, участок 49 жылга ижарага берилгени менен жерди менчикке ала албайт. Ошол үчүн аларга жашыл китеп берилет. Дагы бир мисал, 100 миллион долларлык завод салам деген инвесторго беш жылга жер берем десең, ал макул болобу? Эртең ага мамлекет тескери карап койсо же бир маселе болсо, ал 100 миллион долларын чыгарып ала албайт. Ал заводун көчүрүп кетпейт, ушул жерде калат. Ал жерде кыргыздын жарандары иштейт. Өндүрүлгөн товарлар кимдик ички дүң өнүмүнө кошулат? Биздикине. Салыктар да Кыргызстандын бюджетине түшөт.

Жаңы ачылган SFIT Тамчы долбоору боюнча да талкуу жүрүп, "эмнеге жери 49 жылга ижарага берилди" деп жатышат. Чындап келгенде бул инвестор системдүү, жогорку деңгээлдеги инфраструктураны түзөт. Андан кийин ошол инфраструктураны башкарат. Ага тажрыйба керек. Чет элдик байланыштары болуп, эл аралык ишканаларды кызыктыра алышы маанилүү. Мисалы, Сингапурдагы же Гонконгдогу каржылык борборлорду алалы. Алар каржы айлануусунун көп болгонуна ошол деңгээлге жетип жатпайбы. Ата мекендик инвесторлорго да мындай мүмкүнчүлүк бар. Мисалы, Аскар Салымбеков же Өмүрбек Бабановду алалы. Буга алардын каражаттары да жетпейт, ошондой инфраструктураны түзө албайт. Түзгөн чакта да аны башкарууга деңгээли жетпейт. Анткени мында дүйнөлүк тажрыйба маанилүү.

- Коомчулуктагы мындай жагдайды эске алып, өкмөт чет элдик инвесторлорго убактылуу колдонууга берилген жерлер жөнүндө маалыматты ачык чыгарып турса болобу? Жер берүү маселесинде кытайлык инвесторлордун үлүшү канчалык болуп турат?

- Инвестор келгенден кийин ал жерде өзүнүн ишин түптөйт, курат. Ал инвестиция салат. Аягында келип Кытайдын туусун сайып койбойт да. Ал аймактар башында Кыргызстандын жери болсо, кийин да ошол бойдон кала берет. Ал ошол жердин үстүндө гана өз ишмердигин жүргүзөт. Мындайда эң негизги нерсе – кепилдик. Азыркыдай шартта эртең бирөө келип, ал инвесторду кууп чыкпагыдай болушу керек. Сөз жалаң эле кытайлык инвестор жөнүндө эмес. Мисалы, бизде англиялык инвесторлор сала турган Concrete Canvas заводу бар. Эмне үчүн аларга арыз-доомат айтылбайт? Германиядан келген инвестордун мисалын жогоруда келтирдим. Мындан сырткары Орусиядан келген да ишкерлер жүрөт. Мурдагы ат майдандын ордунда иш жүргүзүп жаткан вьетнамдык компания да бар. Биз буга улуттук принцип менен карабашыбыз керек. Өзбекстан деле "Жаңы Ташкент" курулуп жатканда Сауд Арабиясынан, Европадан инвесторлорду тарткан, коркпой эле иш жүргүзүп жатышат.

- Кытайлык ишкерлер же ушул өлкөдөн келген эмгек мигранттарынын тегерегинде дагы талкуу жүрүп жатпайбы. Анан өкмөт муну кандайдыр бир деңгээлде эске алып жатабы жана коомчулуктун маалымдоо жагында кандайдыр бир иш-аракеттер көрүлөбү?

- Сөзсүз түрдө көрүлөт жана көрүлүп жатат. Мигранттардын баары эле мыйзам бузуп же кандайдыр тыюу салынган иш-аракеттерге барган жери жок. Эми ар беш кол тең эмес экен. Арасында ар кандайы бар. Бирок алардын баарын мыйзам чегинде чектеп, керек болсо өлкөдөн чыгаруу маселеси да турат. Мисалы, биздин деле мигранттар ар кандай жагдайда башка өлкөдөн чыгарылганы боюнча маалымат каражаттарынан билип жүрбөйбүзбү. Мигранттар биздин мамлекеттин мыйзамдуулугун сакташы керек. Биз муну элчиликтер аркылуу да айттырып жатабыз, түшүндүрүү иштери да жүрүүдө.

- Эмгек мигранттарынын квотасы көбөйтүлдү. Азыркы учурда Кыргызстанда канча чет элдик иштеп жатат жана каяктан көп келип жаткандарын айта аласызбы?

- Жыл сайын квота көбөйүп турат. Бул конкреттүү долбоорлорго жараша болот. Завод-фабрикаларга биринчи кезекте биздин жарандарды ишке аласыңар деген талап коюп жатабыз. Мындан тышкары атайын адистерге келгенде гана уруксат бар. Негизинен квота жылына көбөйүп турат. Азыр 35 миң кишинин тегерегинде.

- Дал ушул маселе коомчулуктун кызуу талкуусунда. Социалдык тармактарда пикирин айткандарга басым болуп жатканын айткандар бар. Маселен, эки-үч күн мурун Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков атайын тизме жарыялап, ага киргендерди “улут аралык кастыкты козутууга” айыптады. Бул кыргыз өкмөтүнүн расмий позициясыбы же Орунбековдун жеке демилгесиби?

- Өкмөттүн негизги позициясы – ачык, айкын диалог жүргүзүү. Мисалы, сиздер менен болгон маектешүү сыяктуу форматты башка топтор менен да жүргүзүүгө даярбыз. Биз баарыбыз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошушубуз керек да. Азыр таратылып жаткан маалыматтар инвесторлорду кооптондуруп жатат. Ушул маселе мындан ары да курчап кете турган болсо, ар бир инвестор Кыргызстанга келип акчаны салсамбы же салбасамбы, кепилдик кандай болот деп ойлонот. Мисалы үчүн, азыр Google платформасындагы издөө деген жерге Кыргызстан деп жазсам, негативдердин баары биринчи чыгат. Анан кийин да жакшы маалыматтар чыгат. Ушул негативди жараткан ким? Бирок биз күч колдонгон ыкмалардан алыспыз. Эгерде мыйзам бузуулар болсо, баары тең жооп бергенге милдеттүү болот. Биз ачык-айкын диалогду жүргүзүп, мамлекет, өкмөт кандай саясат жүргүзүп жатканы боюнча ачык диалогго даярбыз.

- Сөз болгон окуя боюнча Ынтымак Ордо кандайдыр бир иш-аракеттерди жүргүзөбү?

- Бул боюнча менин маалыматым жок экен. Бирок жеке өзүм буга даярдыгымды так билдирем. Эгерде кандайдыр бир көйгөйлүү маселелер болсо, биринчи ич ара өзүбүздүн, мамлекет менен түз диалогду талкуулап алсак болот. Кийин андан кийин коомчулукка чыгарып, мындай коомчулуктун оюн туура багытта алып баруу маанилүү.

- Жеке маалыматтардын купуялуулугу коркунучта эмеспи?

- Аны изилдеш керек. Негизинен ар бир жарандын жеке маалыматтары купуя. Муну так билдирип кетем. Сиз айткан маселени изилдеп көрүш керек.

- Орусиядагы Wildberries компаниясынын кампаларындагы окуядан кийин көптөгөн кыргызстандык ишкерлер чыгым тартканын айтып, кыргыз өкмөтүнө жардам сурап кайрылып атат. Өкмөт кандай жооп берет жана кандай жардам көрсөтүлүшү мүмкүн?

- Негизинен Wildberries менен биздин тыгыз мамилебиз бар. Жыл башында биздин тигүүчүлөрдүн көйгөйлөрү жаралган. Кийин ишкерлердин маселесин чечип бергенбиз. Болуп өткөн окуя тууралуу бизге кандайдыр бир кайрылуулар болгон эмес. Жыл башынан бери маркетплейсте иштеген же тигүү тармагында жүргөн ишкерлерге пайызсыз насыяларды бергенбиз. Мындан тышкары орто жана чакан бизнеске 6% менен колдоо көрсөтүлдү. Азыр бул окуядан жабыркаган ишкерлердин чыгымын эсептеп чыгуу бизге кыйынга турат. Биз жеңилдетилген насыялардын алкагында аларга азыр да жардам көрсөтүүгө даярбыз. Мындан тышкары ишкерлер камсыздандыруу механизмдерин да кеңири колдонушу керек. Бизге кандайдыр бир кайрылуулар болсо карап чыгып, компания менен сүйлөшкөнгө даярбыз. Мындайда Wildberries компаниясынын камсыздандыруусу бар же жогун да карап чыгуу керек. Эгерде бар болсо, ошол төлөмдөрдүн алкагында биздин ишкерлердин чыгымдарын кайтарып берүү боюнча маселесин карасак болот.

  • 16x9 Image

    Түмөнбай Абдинаби уулу

    Түмөнбай Абдинаби уулу "Азаттыктын" кабарчысы. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү. 

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG