Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:36

АКШ менен Орусиянын өкүлдөрү Манилада Украинадагы согуш маселесин талкуулайт

АКШ менен Орусиянын делегацияларынын жолугушуусу. Куала-Лумпур.  10-июль, 2025-жыл.
АКШ менен Орусиянын делегацияларынын жолугушуусу. Куала-Лумпур. 10-июль, 2025-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 23-июлда Манилада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту.

Рубио Свобода радиосуна жолугушууда негизги тема катары Орусиянын Украинага каршы согушу талкууланарын айтты.

Буга чейин Лавров жолугушуу күндүн биринчи жарымына пландалганын билдирген.

Ал согушту жөнгө салуу боюнча Вашингтондун позициясын тактап, АКШ президенти Дональд Трамптын аны тезирээк токтотуу мүмкүнчүлүгү тууралуу билдирүүсүн талкуулоону ниеттенип жатканын айтты.

Июндун этегинде Рубио билдиргендей, Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин 2025-жылдын августунда Анкориждеги жолугушуусунда согушту токтотуу тууралуу эч кандай келишимге жетишилген эмес.

"Аляскада келишим түзүлгөн жок, Аляскада сунуштар көтөрүлгөн", – деди мамлекеттик катчы. Бирок анын деталдарын тактаган жок, Москванын ачык айтылып келаткан талаптарын, анын ичинде Донбассты толук көзөмөлдөө аракетин эске салды.

Путин кийинчерээк Анкорижде формалдуу макулдашуулар болбогонун ырастап, тараптар анда Украинадагы кризисти токтотуу жана мунаса табуу мүмкүнчүлүктөрүн ортого салышканын айткан.

Лавров менен Рубио былтыр Куала-Лумпурдагы эл аралык форумдун алкагында жолугушуп, Украинадагы согушту, Иран менен Сириянын айланасындагы кырдаалды талкуулаган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG