Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:14

Жусуп Абдрахманов жөнүндөгү тарыхый тасма тартылып бүттү

“Жусуп” тарыхый тасмасынын постери.
“Жусуп” тарыхый тасмасынын постери.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы Жусуп Абдрахмановго арналган “Жусуп” аттуу толук метраждуу тарыхый-драмалык көркөм тасманы тартып бүткөнүн билдирди.

Тасма XX кылымдын биринчи жарымындагы тарыхый окуяларды чагылдырып, Жусуп Абдрахмановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү ордун жана анын элине жана мекенине болгон берилгендигин баяндайт. Кинодо ошол доордун тарыхый атмосферасы көрсөтүлүп, тартуу иштери Кыргызстанда, Орусияда, Казакстанда жана Өзбекстанда жүргүзүлгөн.

Тасманын режиссёру Кыргызстандын эмгек сиңирген маданият ишмери Таалайбек Кулмендеев.

“Жусуп” көркөм тасмасынын бет ачары 2026-жылдын 25-августуна белгиленген жана Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Жусуп Абдрахмановдун туулгандыгынын 125 жылдыгына арналат.

Кыргыздын алгачкы мамлекеттик ишмерлеринин бири Жусуп Абдрахманов 1901-жылы Орусия империясынын Күңгөй-Аксуу болуштугундагы Чиркей кыштоосунда (азыркы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Жаркынбаев айылы) туулган. Падышалык бийлик кулап, Орусия империясынын алкагында СССР негизделген маалда Жусуп Абдрахманов анын курамында кыргыз мамлекетин түптөгөндөрдүн башында болуп, анын түзүлүшүнө жана калыптанышына негиз салган.

Жусуп Абдрахманов 1937-жылы камакка алынып, ага антисоветтик террорист, Социал-Туран партиясынын түзүүчүсү деген жалган айыптар тагылып камалган. Ал 1938-жылдын 5-ноябрда өлтүрүлгөн. Сөөгү Ата-Бейит мемориалдык комплексинде сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон адамдар менен бирге коюлган.

Жусуп Абдрахмановдун өзүнүн күндөлүгү, саясий билдирүүлөрү архивдерде сакталып калып, Кыргызстан эгемендик алган соң китеп болуп жарык көргөн. Кийин тарыхчылар жана башка изилдөөчүлөр Жусуп Абдрахмановдун ишмердиги жана жашоосу жөнүндө бир нече изилдөөлөрдү жарыялашкан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG