Башкы прокуратура Бишкекте Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызмат адамдары системалуу түрдө пара алууга шек саналып кармалганын кабарлады.
Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери долбоордук уюмдардын өкүлдөрүнөн документтерди кароодо ишти оң жагына чечип, тиешелүү эксперттик корутундуларды даярдап берүү үчүн системалуу түрдө каражат талап кылып, алып жүргөнүн аныктаган.
Тергөөдө шектүүлөр 8 000 сомдон 50 000 сомго чейин алып келишкени такталган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен биргеликте жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчилеринин бири (М.И.) жана улук инспектору (М.А.) кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бул факты боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. (BTo)
Шерине