Орусиянын Wildberries маркетплейсин иштеткен RWB тобу логистикалык объектилерине дрон чабуулдары күчөгөндөн кийин Казакстандан ири кампа жайларын издей баштады. Бул тууралуу Орусиянын «Коммерсант» басылмасы төрт башка булагына таянып жазды.
Басылманын маалыматына караганда, компания аянты 100 миң чарчы метрге чейин жеткен кампаларды ижарага алууну карап жатат.
Дагы бир булак RWB Казакстандагы чоң кампалардын дээрлик баарын ижарага алууга даяр экенин билдирген.
Маалыматтарга караганда, логистикалык инфраструктуранын бир бөлүгүн Казакстанга жайгаштыруу товарларды сактоодогу коопсуздук тобокелчиликтерин азайтат.
RWB компаниясы болсо бардык иш алып барган өлкөлөрүндө логистикалык тармагын пландуу түрдө өнүктүрүп жатканын билдирди.
Учурда RWB Казакстанда эки ири логистикалык борбор куруп жатат. Алардын бири Алматыда 100 миң чарчы метрден ашык аянтты ээлесе, экинчиси Астанада 160 миң чарчы метрди түзөт. Астанадагы борборду кийинки жылы пайдаланууга берүү пландалууда.
Wildberries компаниясынын кампаларына чабуулдар 18-июлдан бери уланып келет.
«Агентство» басылмасынын маалыматына ылайык, акыркы аптада Украинанын дрондору дал ушул компаниянын логистикалык борборлорун эң көп бутага алган.
Чабуулдар Москва облусундагы, Тамбов, Ленинград жана Воронеж облустарындагы, Краснодар жана Ставрополь аймактарындагы, ошондой эле Санкт-Петербург, Симферополь жана Екатеринбург шаарларындагы кампаларга коюлган.
29-июлга караган түнү украин дрондору менен Рязань облусундагы Wildberries кампасына да сокку урулду.
Украинанын президенти Владимир Зеленский буга чейин Wildberries кампалары жарандык товарлардан тышкары кош багыттагы жүктөрдү, анын ичинде дрондорду жана навигациялык жабдууларды сактоо үчүн да колдонуларын билдирген.
Шерине