29-июлда Орусиянын Рязань облусунда Wildberries компаниясынын кампасында Украинанын дрон чабуулунан кийин өрт тутанганын Astra жана Exilenova+ Telegram каналдары кабарлап, социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары жеринен тарткан сүрөт жана видеолорду жарыялап жатышат.
Компаниянын басма сөз кызматы Рязандагы логистикалык объекти "коопсуздук талаптарына ылайык эвакуацияланганын" жазды.
Облус губернатору Павел Малкин "дрон сыныгы түшкөн өнөр жай аймагында өрт чыкканын" билдирди, бирок, ишкананын атын атаган жок.
"Учурда алты адам ооруканага жаткырылды. Алардын өмүрүнө коркунуч жок, медициналык кызматкерлер зарыл жардам көрсөтүп жатышат", - деди облус башчысы.
Украиналык Exilenova+ байкоочу Telegram каналынын маалыматы боюнча, Рязандагы мунайды кайра иштетүүчү заводдо да өрт тутанды, бул ишкана май айынын орто ченинде дрон чабуулунан улам өндүрүшүн токтоткон.
18-июлдан бери Украинанын Куралдуу күчтөрү Wildberries компаниясынын Орусиядагы жана аннексияланган Крымдагы логистикалык борборлорун, анын ичинде Подмосковье, Тамбов, Санкт-Петербург, Тверь аймактарындагы кампаларын бутага алып жатат.
Украин президенти Владимир Зеленский бул соккуларды Орусиянын Украинанын жарандык инфраструктурасына кол салууларына жооп деп атап, компаниянын логистикалык борборлору дрон жана навигациялык жабдык чыгарууга зарыл тетиктерди ташуу үчүн колдонулуп жатканын айткан.
Wildberries'тин кампаларына чабуулдардан кийин жүздөгөн кыргызстандык ишкер товары күйүп кеткенин билдирген. Электросталь, Котовск, Краснодар жана Невинномысск шаарларындагы өрттөн кийин ишкерлер өкмөткө кайрылып, тарткан зыяны үчүн кенемте төлөө маселесин көтөрүшкөн.
Wildberries компаниясынын өкүлдөрү жабыр тарткан сатуучуларга жарым-жартылай компенсация берилгенин, зыяндын көлөмү толук саналгандан кийин кенемтени эсептеп чыгуу жана андан аркы көрүлө турган иш-аракеттердин тартиби сунушталарын билдиришти. Бул тууралуу 28-июлда экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы алдында Wildberries ишканасынын башкы жана Кыргызстандагы жергиликтүү кеңселеринин өкүлдөрү менен Кыргызстандын тигүү жана жеңил өнөр жай ассоциацияларынын, сатуучулардын жана жүк ташуучулардын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда айтылды.
Шерине