Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:04

Орусияда Telegram'дын негиздөөчүсү Дуровго террорчулук тууралуу айып тагылды

Telegram мессенжеринин негиздөөчүлөрүнүн бири Павел Дуров.
Telegram мессенжеринин негиздөөчүлөрүнүн бири Павел Дуров.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Telegram мессенжеринин негиздөөчүлөрүнүн бири Павел Дуровго "террорчулук ишмердүүлүккө көмөктөшкөн" деген айып сыртынан тагылганын билдирди. Бул тууралуу 29-июлда орусиялык мамлекеттик маалымат агенттиктери ФСБнын Коомчулук менен байланыш борборуна таянып жазышты.

Маалыматка ылайык, чет өлкөдө жашап жүргөн Дуровго эл аралык издөө жарыялоо жараяны башталган.

ФСБ билдиргендей, Telegram администрациясы украин атайын кызматтары, ошондой эле орус бийлиги террордук жана экстремисттик деп тааныган уюмдар колдонгон көптөгөн каналдарды, чаттарды жана ботторду өчүргөн эмес. Орус бийлиги бул ресурстар террордук чабуулдарды даярдоодо жана кибералдамчылык иштеринде пайдаланылганын, анын кесепетинен адамдар, арасында аялдар жана балдар курман болгонун билдирүүдө.

Быйыл февралда Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары ФСБга шилтеме берип, Дуровго каршы терроризмге көмөктөшүү беренеси боюнча кылмыш иши тергелип жатканын жазышкан. Дуров өзү да мындай иш бар экенин ырастаган. Бирок бул тууралуу расмий маалымат эми гана жарыяланды.

Ошол эле учурда Роскомнадзор февралдан бери Telegram мессенжерине кирүүнү чектөө боюнча чараларды күчөтүп келет. Бирок Telegram азырынча расмий түрдө бөгөттөлгөн интернет-ресурстардын тизмесине киргизиле элек.

Telegram'ды чектөө аракеттерин согушту колдогон айрым орусиялык аскердик блогерлер да сынга алышкан. Алардын айтымында, мессенжерди орус аскерлери фронтто кеңири колдонушат. Бир нече күн мурда Кремль бийлик өкүлдөрү Telegram менен сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын билдирген.

Павел Дуров ФСБнын акыркы билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек. Ал эми Telegram'дын X социалдык тармагындагы расмий аккаунту бул маалыматка өз реакциясын жарыялады.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG