Орусиянын президенти Владимир Путин Казакстан жана Өзбекстан менен түзүлгөн аскердик-техникалык кызматташуу тууралуу келишимдерге өзгөртүү киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону тапшырды. Тиешелүү буйруктарга ал 27-июлда кол койду.
Документтерде келишимдердин кайсы бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизилери так көрсөтүлгөн эмес.
Орусия Казакстан менен аскердик-техникалык кызматташуу жөнүндөгү келишимге 2013-жылдын 24-декабрында кол коюп, ал 2015-жылы ратификацияланган.
Өзбекстан менен ушундай эле келишим 2016-жылдын 29-ноябрында түзүлгөн.
Бул келишимдер курал-жарак жана аскердик техниканы жеткирүүнү, аскердик багыттагы продукция алмашууну, технологияларды жана техникалык документтерди өткөрүп берүүнү жөнгө салат. Ошондой эле курал-жаракты оңдоо жана жаңылоо, биргелешкен илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзүү, биргелешкен өндүрүш түзүү жана адистерди даярдоо маселелерин камтыйт.
«Коммерсант» басылмасынын маалыматына ылайык, акыркы жылдары Казакстан Орусиядан Су-30СМ согуштук учактарын, Ми-171Ш жана Ми-35М тик учактарын, «Бук-М2Э» зениттик-ракеталык комплекстерин алган. Мындан тышкары, 2015-жылы Москва аймактагы бирдиктүү абадан коргонуу системасын түзүү программасынын алкагында Астанага беш даана С-300ПС зениттик-ракеталык системасын акысыз берген.
Ошол эле басылманын маалыматына караганда, Өзбекстан 2017–2019-жылдары мамлекеттик экспорттук насыянын негизинде 12 даана Ми-35М тик учагын алган. Ошондой эле өлкө болжол менен 30 даана МиГ-29 истребителин жаңырткан. Тараптар Су-30СМ учактарын, «Сопка-2» радиолокациялык комплексин жана «Печора-2М» абадан коргонуу системасы үчүн жабдууларды жеткирүү маселесин да талкуулашкан.
Казакстан Өзбекстандан айырмаланып Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө. Ошондуктан анын Орусия менен аскердик-техникалык кызматташтыгы жамааттык коргонуу механизмдери менен да байланыштуу.
Өзбекстан менен Орусиянын ортосунда эки өлкөнүн аскердик-аба күчтөрүн жана абадан коргонуу аскерлерин биргелешип колдонуу боюнча өзүнчө келишим бар.
Бул демилге Батыш өлкөлөрүнүн Орусиянын коргонуу-өнөр жай комплексине каршы киргизген санкциялары күчүндө турган учурда көтөрүлүүдө. Орусия Украинага каршы кеңири масштабдуу согуш ачкандан кийин Евробиримдик менен АКШ Орусияга курал-жарак, аскердик жана кош багыттагы продукцияларды, анын ичинде электрондук жана оптикалык тетиктерди, кыймылдаткычтарды жана учкучсуз учактар үчүн комплекттерди экспорттоого тыюу салган.
Шерине