Борбор Азиядагы Америка университетинин TIFE программасынын алкагында Бишкекте жогорку класстын окуучулары көрүүсү начар жана көрбөгөн адамдар үчүн AI (жасалма интеллект) жардамчысы бар EyeSens “акылдуу” көз айнегин иштеп чыгышты.
EyeSens командасынын изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстандагы көрүүсү начар адамдардын 94,4% тротуарлардагы машине токтотуучу жайларга, ал эми 83,3% бети бактын бутактарына урунуп, жаракат алышат.
Ал эми көзү азиздер колдонгон таяк (белая трость) белден жогору турган тоскоолдуктардан (машине, бутак, самокаттардан) коргобойт жана автобустун номурун, жол чырактын кайсыл түсү күйгөнүн (эгер жол чыракта атайын үн жок болсо) аныктоого жардам бербейт.
Авторлор Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев менен жолугуп, ага көз айнектин иштеп жаткан прототибин көрсөтүштү.
Көз айнектеги камера айланада болуп жаткан окуяларды тартып, маалыматты чөнтөк телефонго өткөрөт. Маалымат локалдык ML моделдер жана Gemini жасалма интеллекти аркылуу иштелип чыгат. AIris үн ассистенти сунуштарды айтып, адам ага жараша аракет кылат.
EyeSens азыр буюмдарды таанып, көзү азиз адамга айлана-чөйрөнү кенен баяндап берет. Орус жана англис тилдериндеги тексттерди окуйт. (BTo)
Шерине