Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:21

Кемпир-Абаддын жээгинен белгисиз адамдын башы жок сөөгү табылды

Кемпир-Абад суу сактагычы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кемпир-Абад суу сактагычы. Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Өзгөн районунда, Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинен белгисиз адамдын башы жок сөөгү табылды. Облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) билдиргендей, бул тууралуу маалымат жергиликтүү милицияга 7-августта түшкөн.

Милициянын ыкчам-тергөө тобу сөөк табылган жерге барып иликтөө жүргүзүп жатканда маркумдун башы 600 метрдей аралыктан табылган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында күбөлөр суралып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Учурда маркумдун тек-жайын аныктоо жана анын өлүмүнүн себептерин иликтөөчү ыкчам-издөө иштери жүрүп жатканы кабарланды.


Шерине

XS
SM
MD
LG