Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:25

Чүйдө Үркүндүн 110 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Үркүндү эскерүү. 8-август, 2026-жыл
Үркүндү эскерүү. 8-август, 2026-жыл

Чүй облусунун Кызыл-Дыйкан айылында жана «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы Үркүн окуясынын 110 жылдыгына арналган иш-чаралар өттү.

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев ага катышып, сөз сүйлөдү.

Ал Үркүндү кыргыз элинин тарыхындагы эң оор трагедиялардын бири катары белгилеп, улуттук эс тутумдун ажырагыс бөлүгүнө айланганын айтты.

Кыргызстанда август айынын биринчи жума күнү 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктарын эскерүү датасы катары аныкталган.
Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын саны дээрлик 40% азайган. Ошол каргашалуу окуядан улам кеминде 120 миң кыргыз кырылганын, башка да казак, дунган, уйгур улутундагы далай көтөрүлүшчүлөр набыт болгонун белгилешет.

Совет учурунда, өзгөчө 1950–1980-жылдары, улуттук боштондук көтөрүлүш жана Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, бул окуяларга объективдүү баа берилген эмес.

2017-жылы "Азаттык" радиосу Үркүндүн 100 жылдыгына арналган "Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын" деп аталган эскерүүлөр топтомун басып чыгарган. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG