Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:21

Болгария менен Румыниянын чек арасына жакын жерде дрон жарылды

Румен Радев, Болгариянын премьер-министри.
Румен Радев, Болгариянын премьер-министри.

Болгариянын Румыния менен чектешкен аймагына 8-августта дрон кулап, жарылганын өлкөнүн премьер-министри Румен Радев билдирди. Божомолдорго караганда, дрон Болгариянын аймагына Румыния тараптан кирген.
Дрон кулаган жерден Румыния тарапка болгону 200 метр аралыкта газ компрессордук станциясы жайгашкан. Ал эми Болгариянын аймагында болжол менен бир чакырым алыстыкта Трансбалкан газ түтүгү өтөт.

"Аймак курчоого алынды. Окуя болгон жерде Ички иштер жана Коргоо министрликтеринин бөлүктөрү иштеп, дрондун түрүн аныктап жатышат. Бул дрон Румыниянын да, биздин да аба мейкиндигибизден аныкталган эмес. Дрондорду аныктоо жана идентификациялоо дагы деле олуттуу көйгөй бойдон калууда", — деп жазды Радев Facebook баракчасына.

Болгариянын коргоо министри Димитр Стоянов басма сөз жыйынында бул жөнөкөй ышкыбоздук дрон эмес, көлөмү чоңураак аппарат болгонун билдирди. Анын айтымында, жарылуунун күчүнө караганда, дрондун бортунда бир топ көлөмдө жардыргыч зат болгон.

Кийинчерээк, ишемби күнү Болгариянын Коргоо министрлиги жарылган дрондун түрү "Майя" аттуу дрон экенин аныктаганын билдирди. Мындай учкучсуз аппараттар Украина армиясында бар. Министрлик сокку атайылап жасалган деген далилдер жок экенин белгиледи. Украинанын жетекчилиги окуя боюнча азырынча комментарий бере элек.

Болгариянын телеграф агенттиги маалымдагандай, дрон тууралуу НАТОнун Биргелешкен аба операцияларын башкаруу борборунан да эскертүү болгон эмес.
Окуядан кийин Болгария Румыния менен чек арасына мурда Түркиянын чек арасында жайгаштырылган дрондорду аныктоо жана бөгөт коюу каражаттарын жөнөтө баштады. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугу күчөтүлдү.

  • Газ инфраструктурасы жайгашкан Кардам аймагы Болгария менен Румыниянын газ тармактарын байланыштырат. Ал Грекиядан Болгария, Румыния жана Молдова аркылуу Украинага газ жеткирүүчү Вертикалдык газ коридоруна кирет. Учурда бул багыт аркылуу орусиялыктардан башка газды жеткирүү үчүн кеңейтилип жатат.
  • Акыркы айларда Орусиянын дрондору НАТОнун өлкөлөрүнүн, анын ичинде Балтика мамлекеттеринин, Финляндиянын жана Румыниянын аба мейкиндигине бир нече жолу кирген. Румыния Констанца шаарындагы Орусиянын башкы консулдугун жабуу жана консулдуктун кызматкерин өлкөдөн чыгаруу чечимин жарыялаган. Орусия да Санкт-Петербургдагы Румыниянын консулдугун жаап, консулун өлкөдөн чыгарган.
    Өткөн жумада Орусиянын ракетасы Польшанын да аба мейкиндигин бузган.

Шерине

XS
SM
MD
LG