Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

Түркия, Сауд Арабиясы жана Пакистан коргонуу тууралуу келишим кабыл алышты

(солдон оңго) Түркиянын президенти, Сауд Арабиясынын мураскер канзаадасы жана Пакистандын премьер-министри келишимге кол коюудан кийин. 7-август,  2026-жыл.
(солдон оңго) Түркиянын президенти, Сауд Арабиясынын мураскер канзаадасы жана Пакистандын премьер-министри келишимге кол коюудан кийин. 7-август, 2026-жыл.

Түркия, Сауд Арабиясы жана Пакистан коргонуу тууралуу биргелешкен келишимге кол коюшту. Документке ылайык, алардын бирине багытталган куралдуу кол салуу жалпы үч өлкөгө жасалган чабуул катары каралат. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын маалыматына караганда, келишим кайсы бир конкреттүү өлкөгө каршы багытталган эмес. Анын белгилешинче, документтин максаты - коргонуу гана.

Ал эми Сауд Арабиясынын тышкы иштер министринин коомдук дипломатия боюнча орун басары Раид бин Халид Кримли келишим аскердик же кандайдыр бир блок түзүүнү көздөбөй турганын билдирди.

Келишим Жакынкы Чыгышта аскердик жаңжал уланып жаткан чакта түзүлдү. Иран буга чейин АКШнын аймактагы негизги өнөктөшү болгон Сауд Арабиясынын аймагына бир нече жолу сокку урган. Буга чейин Эр-Рияд менен Исламабаддын ортосунда коргонуу тууралуу өз ара келишим бар эле. Бирок Пакистан союздашына каршы Ирандын чабуулдарына жооп кайтарган эмес. Ошол эле учурда Исламабад Сауд Арабиясына 8 миңге жакын аскер кызматкерин жана аскердик техника жөнөткөн.

Сауд Арабиясында мусулмандар үчүн эң ыйык жайлар жайгашкан.

Түркия НАТОдо армиясынын саны боюнча экинчи орунда турат, ал эми Пакистандын өзөктүк куралы бар.


Шерине

XS
SM
MD
LG