Орусиянын Коргоо министрлиги 8-августка караган түнү өлкөнүн аймагында абадан коргонуу күчтөрү украиналык 397 учкучсуз учак тибиндеги дронду "жок кылганын" билдирди.
Маалыматка ылайык, дрондор Белгород, Брянск, Воронеж, Курск, Липецк, Орёл, Пенза, Ростов, Рязань, Самара, Саратов, Тамбов жана Тула облустарында, Краснодар крайында, ошондой эле аннексияланган Крымда жана Азов деңизинин үстүндө атып түшүрүлгөн.
Краснодар крайынын ыкчам штабы Ильский мунай иштетүүчү заводунда дрондун сыныктары кулап түшкөндө өрт чыкканын билдирди. Баштапкы маалымат боюнча, беш адам жабыркады. "7x7" басылмасынын маалыматына караганда, мунай завод буга чейин 20 чакты ирет дрон чабуулуна кабылган.
Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев түнкү чабуул учурунда аймактагы өнөр жай ишканаларынын бири зыянга учураганын маалымдады.
Украиналык мониторинг каналдары жана ASTRA басылмасы күбөлөрдүн видеолоруна таянып Сызрань мунай иштетүүчү заводунда да өрт чыкканын жазды. Ишкана «Роснефть» компаниясынын курамына кирет. Украинанын учкучсуз учактары буга чейин да аталган обьектти бир нече ирет бутага алышкан.
Ал эми Липецк облусунун Задонск шаарында дрон чабуулунан эки адам жабыркап, төрт жер үйгө, унаага жана электр линиясына зыян келтирилгенин аймактын башчысы Игорь Артамонов кабарлады. Липецк шаарында дагы бир дрон курулуп жаткан көп кабаттуу үйгө кулаган.
Украинанын соккулары күч алгандан бери Орусиянын мунай иштетүүчү заводдорунда өндүрүш быйыл 2002-жылдын май айынан берки эң төмөнкү деңгээлге чейин кыскарганы кабарлаган.
Чабуулга негизинен ири мунай иштетүүчү заводдор, мунай ташуучу танкерлер, ошондой эле деңиз жана куур инфраструктурасы кабылууда.
Шерине