Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аз. Бул тууралуу 10-августта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбековдун төрагалыгы алдында өткөн республикалык штабдын жыйынында айтылды.
Буга байланыштуу суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимиттерин сактоо тапшырылды. Бирок Токтогул суу сактагычындагы суунун так көлөмү расмий түрдө айтылган жок.
Өлкөнүн башкы суу чөйчөгүнө топтолгон суунун көлөмү тууралуу маалымат 2025-жылдан бери ачыкталбай келет. Буга чейин, июль айында, энергетика министри суу сактагычтагы суунун көлөмү 10 млрд 200 млн куб метрди түзөрүн билдирген. Бул өткөн жылдын июль айындагы көрсөткүчтөн 700–750 млн куб метрге аз.
Энергетика министрлигинин жыйында берген маалыматына караганда, быйыл өлкөдө электр энергиясын керектөө 19,6 млрд кВт/саатка жетери күтүлүүдө. Анын 15,5 млрд кВт/сааты өлкө ичинде өндүрүлсө, 4,1 млрд кВт/саатты импорттоого туура келет. Өлкөнүн жылдык керектөөсүнүн болжол менен 21%ы импорттун эсебинен жабылат.
2025-жылы Кыргызстанда электр энергиясын керектөө 19,3 млрд кВт/саатка жеткен. Өлкөдөгү гидроэлектр станциялары жана жылуулук электр борборлору 15,4 миллиард кВт/саат иштеп чыккан. 3,8 млрд кВт/сааттык тартыштык башка өлкөлөрдөн импорт аркылуу жабылган. Электр энергиясынын тартыштыгынан улам, өкмөт кышында калк үчүн чектөө киргизип, "акылдуу эсептегичтер" аркылуу эртең мененки жана кечки убактарда 5 кВт кубаттуулукту 3 кВт чейин түшүргөн.
Энергетика министрлиги быйыл 15-20-июлдагы адаттан тыш ысыкта электр энергиясын керектөө кескин өскөнүн билдирген. Ага ылайык, 20-июлда суткалык керектөө 50 млн 749 миң кВт/саатка жеткен. Керектөө көбөйгөндүгүнө байланыштуу Бишкекте электр жарыгын берүү чектелип, бул чара бир катар шаар тургундарын жана бизнес өкүлдөрүн нааразы кылган.(ZKo)
Шерине