Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:36

Мадыген геопаркы дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине кирди

Мадыген. Баткен облусу
Мадыген. Баткен облусу

Баткендеги Мадыген аймагы палеонтологиялык мурас катары Эл аралык геологиялык илимдер бирлигинин (IUGS)The Third 100 IUGS Geological Heritage Sites дүйнөлүк баалуулуктар тизмесинин үчүнчү жүздүгүнө киргизилди.

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматында, 11-августта Баткен облусунда "Мадыген: дүйнөлүк маанидеги палеонтологиялык кенч" аттуу эл аралык симпозиуму өткөн.

Баткен облусунун аймагындагы Мадыген тоолорунда палеонтология жана геологиялык изилдөөлөр жүрүп келет.

Мадыген - байыркы дүйнөнүн архиви

Мадыген Кыргызстандын түштүк батышында, Баткен облусунун аймагында жайгашкан уникалдуу тоолуу аймак. Бул жер палеонтологиялык жана геологиялык табылгалары менен дүйнөгө белгилүү.<br>
1/7 Мадыген Кыргызстандын түштүк батышында, Баткен облусунун аймагында жайгашкан уникалдуу тоолуу аймак. Бул жер палеонтологиялык жана геологиялык табылгалары менен дүйнөгө белгилүү.
Баткендеги Мадыген аймагы палеонтологиялык мурас катары дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине киргизилди. Мадыген Кыргызстандын түштүк батышында, Баткен облусунун аймагында жайгашкан уникалдуу тоолуу аймак. Бул жер палеонтологиялык жана геологиялык табылгалары менен дүйнөгө белгилүү.
Толук көрсөт Кыскарт
Мадыгенде миллиондогон жылдар мурда жашаган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн байыркы калдыктары, ташка айланган издери жана сөөктөрү табылган.
2/7 Мадыгенде миллиондогон жылдар мурда жашаган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн байыркы калдыктары, ташка айланган издери жана сөөктөрү табылган.
Баткендеги Мадыген аймагы палеонтологиялык мурас катары дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине киргизилди. Мадыген Кыргызстандын түштүк батышында, Баткен облусунун аймагында жайгашкан уникалдуу тоолуу аймак. Бул жер палеонтологиялык жана геологиялык табылгалары менен дүйнөгө белгилүү.
Толук көрсөт Кыскарт
Мадыгенде миллиондогон жылдар мурда жашаган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн байыркы калдыктары, ташка айланган издери жана сөөктөрү табылган.
3/7 Мадыгенде миллиондогон жылдар мурда жашаган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн байыркы калдыктары, ташка айланган издери жана сөөктөрү табылган.
Баткендеги Мадыген аймагы палеонтологиялык мурас катары дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине киргизилди. Мадыген Кыргызстандын түштүк батышында, Баткен облусунун аймагында жайгашкан уникалдуу тоолуу аймак. Бул жер палеонтологиялык жана геологиялык табылгалары менен дүйнөгө белгилүү.
Толук көрсөт Кыскарт
Мадыгенде изилденген тоо тектеринин бир бөлүгүнүн курагы болжол менен 237 миллион жылды түзөт.
4/7 Мадыгенде изилденген тоо тектеринин бир бөлүгүнүн курагы болжол менен 237 миллион жылды түзөт.
Баткендеги Мадыген аймагы палеонтологиялык мурас катары дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине киргизилди. Мадыген Кыргызстандын түштүк батышында, Баткен облусунун аймагында жайгашкан уникалдуу тоолуу аймак. Бул жер палеонтологиялык жана геологиялык табылгалары менен дүйнөгө белгилүү.
Толук көрсөт Кыскарт
2026-жылы палеонтологдор байыркы жыгачтын көмүргө айланган калдыктарын таап, Пангеянын бул бөлүгүндө триас мезгилинде табигый өрттөр болгон деп болжолдошкон.
5/7 2026-жылы палеонтологдор байыркы жыгачтын көмүргө айланган калдыктарын таап, Пангеянын бул бөлүгүндө триас мезгилинде табигый өрттөр болгон деп болжолдошкон.
Баткендеги Мадыген аймагы палеонтологиялык мурас катары дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине киргизилди. Мадыген Кыргызстандын түштүк батышында, Баткен облусунун аймагында жайгашкан уникалдуу тоолуу аймак. Бул жер палеонтологиялык жана геологиялык табылгалары менен дүйнөгө белгилүү.
Толук көрсөт Кыскарт
Министрлер кабинети 2023-жылдын 18-апрелинде Мадыгенге мамлекеттик жаратылыш эстелиги статусун берген. Корголуучу аймак 8,16 миң гектарды ээлейт.
6/7 Министрлер кабинети 2023-жылдын 18-апрелинде Мадыгенге мамлекеттик жаратылыш эстелиги статусун берген. Корголуучу аймак 8,16 миң гектарды ээлейт.
Баткендеги Мадыген аймагы палеонтологиялык мурас катары дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине киргизилди. Мадыген Кыргызстандын түштүк батышында, Баткен облусунун аймагында жайгашкан уникалдуу тоолуу аймак. Бул жер палеонтологиялык жана геологиялык табылгалары менен дүйнөгө белгилүү.
Толук көрсөт Кыскарт
Мадыген азырынча ЮНЕСКОнун глобалдык геопаркы статусуна ээ боло элек. Уюмдун сайтында ал ушундай статуска талапкер аймак катары аталат.
7/7 Мадыген азырынча ЮНЕСКОнун глобалдык геопаркы статусуна ээ боло элек. Уюмдун сайтында ал ушундай статуска талапкер аймак катары аталат.
Баткендеги Мадыген аймагы палеонтологиялык мурас катары дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине киргизилди. Мадыген Кыргызстандын түштүк батышында, Баткен облусунун аймагында жайгашкан уникалдуу тоолуу аймак. Бул жер палеонтологиялык жана геологиялык табылгалары менен дүйнөгө белгилүү.
Толук көрсөт Кыскарт
Артка
Алдыга



Изилдөөлөрдүн негизинде геопарктан миллиондогон жылдар мурда жашаган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн байыркы калдыктары, ташка айланган издери жана сөөктөрү табылган.

Алардын ичинен эң белгилүүсү - болжол менен 225 миллион жыл мурда жашаган Sharovipteryx mirabilis. Сойлоп жүрүүчүлөр түркүмүнө кирген бул жаныбардын арткы буттарынын ортосунда абада калкып учууга мүмкүндүк берген кабыкча жайгашкан. Изилдөөчүлөр аны дельта сымал калкып учуучу канаты бар биринчи белгилүү жаныбар деп аташкан.

Изилденген тоо тектеринин бир бөлүгүнүн курагы болжол менен 237 миллион жылды түзөт. 2026-жылы палеонтологдор байыркы жыгачтын көмүргө айланган калдыктарын таап, Пангеянын бул бөлүгүндө триас мезгилинде табигый өрттөр болгон деп болжолдошкон.

Триас - мезозой эрасынын 51 миллион жылга созулган алгачкы геологиялык мезгили. Болжол менен 252 миллион жыл мурда башталып, 201 миллион жыл мурда аяктаган.

Министрлер кабинети 2023-жылдын 18-апрелинде Мадыгенге мамлекеттик жаратылыш эстелиги статусун берген. Корголуучу аймак 8,16 миң гектарды ээлейт.

Мадыген азырынча ЮНЕСКОнун глобалдык геопаркы статусуна ээ боло элек. Уюмдун сайтында ал ушундай статуска талапкер аймак катары аталат.

Эл аралык геологиялык илимдер бирлигинин (IUGS) геологиялык мурас объектилеринин тизмесинде 200 аймак бар: биринчи 100 объект 2022-жылы, экинчи 100 объект 2024-жылы сунушталган. Үчүнчү жүздүк 2026-жылдын күзүндө сунушталышы керек. (ST)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG