Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Август, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:51

Энергетика министрлиги электрдин өчүшүнө коңшу өлкөдөгү кырдаал себеп болгонун билдирди

Жогорку чыңалуудагы электр линиясы. Кыргызстан
Жогорку чыңалуудагы электр линиясы. Кыргызстан

Кыргызстандын бир катар аймактарында бүгүн, 14-августта электр жарыгы өчүп кайра күйдү.

Энергетика министрлиги буга коңшу Казакстандагы жогорку чыңалуудагы линиянын өчүшүнөн улам Борбор Азиянын энергосистемасы изоляцияланган режимге өткөнү себеп болгонун билдирди.

Мекемеден белгилешкендей, кырсыктан улам автоматика жабдууларды коргоо үчүн иштеп кеткен. Учурдагы кырдаал энергетиктердин көзөмөлүндө турат.

Мындай өчүрүүлөр 14-августта Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын бир катар аймактарында да болду.

Казакстандын Энергетика министрлиги "Борбор Азиянын энергосистемасы тарабында электр энергиясынын агымынын кескин өзгөрүшүнөн улам ашыкча кубаттуулук бөлүнүп чыкканын" билдирди.

Мунун натыйжасында кырсыкка каршы автоматика ишке кирип, Алматы шаарында жана Алматы облусунда, Райымбек, Уйгур, Илий, Кеген жана Талгар райондорунда электр жарыгы өчкөн.

Алматынын тургундары жол чырактар иштебей, тыгындар пайда болгонун, байланыш үзгүлтүккө учурап, метро токтоп калганын билдиришти. Айрымдары суу жоктугуна да даттанышууда, бул ток менен иштеген насостук станциялардын тартпай калышына байланыштуу болушу мүмкүн.

Электр энергиясы жапырт өчүрүлгөнүн Тажикстандын бир катар шаарларынын жана райондорунун тургундары да кабарлашты.

"Азия-Плюстун" маалыматында, болжол менен түшкү саат 3төн 15 мүнөт өткөндө Дүйшөмбү, Куляб, Хужанд, Вахдат, Нурек, Гиссар, Шахринав, Бободжон Гафуров районунан, Рогун жана башка аймактардан электр жарыгы өчкөнү тууралуу кабарлар түшө баштаган. Тажик өкмөтү өчүрүүнүн себептери тууралуу расмий билдирүү жасай элек.

"Азия-Плюс" басылмасынын Энергетика жана суу ресурстары министрлигиндеги булагы өчүрүүнүн бир себеби катары жогорку чыңалуудан улам Нурек ГЭСиндеги агрегаттардын өчүрүлүшүн айткан. Кийинчерээк мекеме бул маалыматты төгүндөдү.

Үзгүлтүктөр тууралуу Өзбекстандын Энергетика министрлиги да билдирди. Мекеменин маалыматында өчүрүүлөр өлкөнүн бир катар облустарын камтыды. Министрлик мунун себеби катары коңшу өлкөлөрдүн биринин энергосистемасындагы кырсыкты атады.

"Өзбекстан улуттук электр тармактары" бирдиктүү энергосистемада көп баскычтуу кырсыкка каршы автоматика иштеп кеткенин, электр энергиясын берүү баскыч-баскычы менен калыбына келтирилерин билдирди. (ST)

Шерине

XS
SM
MD
LG