Кайгылуу окуя 13-августта кечки саат жетилерде болгон. Расмий маалыматка караганда, Даштак айылынын тургуну Ясмина Ятимзода “оогандык согушкерлердин аткылоосунан каза тапкан”.
“Озоди” радиосу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө таянып кабарлагандай, маркум үйүндө оокат кылып жатканда терезеден кирген ок анын боор жагына тийген. Ооруканага жетпей көз жумган келин кош бойлуу эле. Анын артында бир баласы калды.
Тажикстандын тиешелүү расмий органдары иликтөө баштады.
Тышкы иштер министрлиги Ооганстанды Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын кол тийбестигин урматтоого жана мындай окуялардын кайталанышын алдын алууга чакырды.
Жума күнү тажик президенти Эмомали Рахмон маркум келиндин жакындарына көңүл айтып, үй-бүлөсүнө материалдык жардам берүүнү, баласына кам көрүүнү тапшырды.
Дарвоз районун Ооганстандын Бадахшан провинциясындагы Нусай районунан дарыя бөлүп турат.
13-августта Нусайда талибдердин тик учагы турак жайга кулап түшкөнү кабарланды. “Азаттыктын” ооган кызматы – "Азади" радиосунун маалыматына караганда, "Талибан" кырсык техникалык себептерден улам болгонун билдирсе, ал эми согушкерлер аны атып түшүргөнүн айтууда.
Оогандык айрым маалымат каражаттары экипаждын жети мүчөсү жана бир бала каза болгонун, үйдөгү төрт киши жараат алганын жазды. Маалыматтарга ылайык, тик учак жарадар болгон талибдерди ташып бараткан.
Чек арадагы бул окуялар Ооганстанда куралдуу кагылышуулар уланып жаткан чакта болду. 11-августтан бери "Талибан" кыймылынын күчтөрү менен талаа командири Жума Хан Фатехтин тарапташтары согушуп келатканын бир катар медиа кабарлаган. Салгылашуулар болжолу менен “Талибан” өкмөтү Нусайга кошумча аскерлерин жөнөткөндөн кийин күчөгөн.
Ал тапта "Азади" радиосу “Талибан” кыймылындагы булакка шилтеме менен Бадахшандын борбору Файзабад шаарынын мэри талибдерге каршы күрөшкөн топтун колунан өлгөнүн билдирди. "Улуттук каршылык фронту" деп аталган уюм кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.
"Талибан" баш калааны көзөмөлдөйт жана мамлекетти башкарат, бирок толук көзөмөл орнотууга тоскоолдуктар жок эмес. Айрым провинцияларда талибдерге каршы топтор бар. Мисалы жакында пайда болгон "Ата-мекендин корпусу" деп аталган уюм Бадахшандагы Яфтал районун кыска убакытка басып алган. "Ооганстандын боштондук фронту" Кытай, Тажикстан жана Пакистан менен чектешкен чөлкөмдөгү Зибак районуна чабуул койду, - деп айтты “Азади” радиосунун редактору Мустафа Сарвар.
Бадахшанда акыркы бир нече жумада кол салуу болду. Эксперттердин айтымында, талибдерге каршы болгон согушкерлер этностор аралык чыңалууну, жаратылыш ресурстарынын үстүнөн көзөмөл орнотуунун айланасындагы чыр-чатактарды жана жергиликтүүлөрдүн "Талибанга" каршы маанайын өз кызыкчылыгында пайдаланып жатышат.
15-августта талибдер Ооганстандагы бийликти кайрадан басып алганына 5 жыл болот.
Алардын тушунда өлкөдө салыштырмалуу стабилдүүлүк орногону менен чек арадагы абал Тажикстан бийлигин тынчсыздандырып келатат.
Жылдын башында, 18-январга караган түнү Ооганстан тараптан чек араны бузуп кирген төрт согушкер жок кылынганын тажик коопсуздук кызматы билдирген.
Былтыр ноябрь айында Тажикстанда кытай жарандарына кол салуу болуп, курулуш жана инфраструктуралык объектилерде иштеген бир нече кытайлык жумушчулар набыт болгон. Душанбе менен Бээжин ошондон кийин биргелешкен долбоорлордун коопсуздугун камсыздоону күчөткөн.
Тажикстандын Ооганстан менен жалпы чек арасы 1300 чакырым, анын басымдуу бөлүгү тоолуу жана татаал аймактардан өтөт.
Шерине