Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:41

Өкмөт ички дүң өнүм 1 триллион 172,7 миллиард сом болгонун билдирди

Министрлер кабинетинде өткөн кеңешме.
Министрлер кабинетинде өткөн кеңешме.

Алдын ала эсеп боюнча, 2026-жылдын жети айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 1 триллион 172,7 миллиард сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 11,1% болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде айтканын “Ынтымак ордо” кабарлады.

Курулуш тармагы эң чоң өсүштү көрсөтүп 60,6% болду. Кызмат көрсөтүү чөйрөсү 6,1%, айыл чарбасы 6,0% өстү. Жалпысынан өнөр жай тармагындагы өсүү 11,2% түздү. Өкмөттүн маалыматында инвестициянын жалпы көлөмү 238,3 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 58,8% көбөйгөн.

“Чакан жана орто ишканалардын саны 6,8% өсүп, 27,3 миңди түздү. Чакан жана орто ишкерлик жана жеке ишкердик чөйрөсүндө иш менен камсыз болгондордун саны 6,8% көбөйүп, 643,8 миң адамга жетти”, – деди Адылбек Касымалиев.

Улуттук банк июль айынын аягында эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырган. Өлкөнүн негизги банкы дүйнөдөгү геосаясий чыңалуу, Жакынкы Чыгышта абалдын курчушу Кыргызстандагы инфляциялык процесстерге таасирин тийгизүүнү улантып жатканын, дүйнөлүк мунай рыногундагы баа өлкөгө импорттолуучу товарлардын кымбатташына алып келгенин билдирген.

2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда инфляция 6,5% түздү (жылдык мааниде 11,3%). (BTo)


Шерине

XS
SM
MD
LG