Алматы соту казакстандык журналист, Orda.kz сайтынын мурдагы башкы редактору Гүлнара Бажкенованы сегиз жылга эркинен ажыратты. Жазанын аткарылышы эки жылга жылдырылды. Прокурор журналистти сегиз жылга абакка кесүүнү өтүнгөн.
Сот Бажкеновага мындан тышкары беш жыл журналисттик жана коомдук ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салды.
18-августта Бажкенова сотто акыркы сөзүн сүйлөп, өзүнө коюлган айыптарды дагы бир жолу четке какты.
Ал соттон журналисттик кесип менен алектенүү укугунан ажыратпоону өтүнүп, мындай тыюуну «жарандык өлүм жазасына» салыштырды.
Бир нече сааттан кийин судья Елена Кван айыптоо өкүмүн чыгарды.
Бажкенова Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси - «башка бирөөнүн мүлкүн ыйгарып алуу жана коротуу», «мыйзамсыз ишкердик» жана «атайылап жалган маалымат таратуу» боюнча айыпталган. Сот жараяны бир жарым айга созулду.
Бажкенова былтыр декабрдан бери үй камагында болчу. 2025-жылдын 1-декабрында анын батиринде, ошондой эле Orda.kz сайтынын Алматы жана Астанадагы кеңселеринде тинтүү жүргүзүлгөн.
Полиция анда атайылап жалган маалыматты бир нече жолу тараткан деген шек менен кылмыш иши козголгонун билдирген.
Гүлнара Бажкенова - казакстандык журналист жана медиаменеджер. Ал ар кайсы жылдары бир нече ири медиадолбоорду жетектеген. Кылмыш иши козголгонго чейин Orda.kz интернет-басылмасынын башкы редактору болуп иштеген.
Жакында Казакстандын жана эл аралык бир катар укук коргоо уюмдары өлкө бийлигине биргелешкен кайрылуу жасап, журналисттер менен жалпыга маалымдоо каражаттарын куугунтуктоону жана аларга басым көрсөтүүнү токтотууга чакырган.
Укук коргоочулар кылмыш жана административдик чаралар көз карандысыз журналистиканын ишине тоскоолдук кылуу же журналисттерди кесиптик ишмердиги үчүн жазалоо максатында колдонулбашы керектигин белгилешкен. Буга чейин Казакстандагы «Укуктук медиа борбор» коомдук фонду да өлкөдө көз карандысыз маалымат каражаттарына басым күчөгөнүн билдирген.
Шерине