Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:27

ЖК президенттик шайлоонун датасын сентябрдын ортосунда аныктайт

Жогорку Кеңеш. Архив.
Жогорку Кеңеш. Архив.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын II сессиясы 2-сентябрда ишин баштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” парламенттин спикери Марлен Маматалиев билдирди.

Анын сөзүнө ылайык, Жогорку Кеңеш президенттик кезектеги шайлоону 27-сентябрга чейин дайындашы керек. Бул маселе 16-17-сентябрь күндөрү күн тартибине киргизилип, токтом кабыл алынат деп күтүлүүдө.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Тынчтык Шайназаров парламентке президенттик шайлоонун датасын аныктоо боюнча маселени 17-сентябрда карап берүү өтүнүчүн бергенин айткан.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров июль айынын аягында мындан ары президенттик шайлоону иштеп жаткан президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Демек, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтүшү мүмкүн.

Шайлоонун датасын Жогорку Кеңеш белгилейт. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG