1-сентябрдан тартып Москвада жана Москва облусунда визасыз жүргөн чет элдиктер "Амина" мобилдик тиркемесин колдонууга милдеттүү болот. Колдонуучунун геолокациясын көзөмөлдөгөн тиркеме буга чейин негизинен эмгек мигранттарына карата колдонулуп келген. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлиги билдирди.
Жаңы талаптар Москвага жана Москва облусуна иштөө үчүн гана эмес, окууга, конокко же туугандарынын жанында узак убакыт жашоо үчүн келген чет элдиктерге да тиешелүү.
Ал эми жашы 18ге жетек элек чет элдиктер мурдагыдай эле келгендиги тууралуу билдирүүнүн негизинде миграциялык каттоого алынат.
Эгер чет өлкөлүк жаран 1-сентябрга чейин миграциялык каттоого турган болсо, анын мөөнөтү аяктаганга чейин мурдагы тартип менен жүрө берет. Андан кийин «Амина» тиркемеси аркылуу каттоодон өтүшү керек.
Орусия бийлиги мигранттардын жүргөн жерин көзөмөлдөө жана алардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу боюнча экспериментти 2025-жылдын сентябрында баштаган. Ал Москва жана Москва облусунда жүргүзүлүп келген.
Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын декабрынын ортосуна карата «Амина» тиркемесинде геолокация тууралуу маалымат жок болгондуктан 139 миңден ашуун адам миграциялык каттоодон чыгарылган.
Азыркы эрежеге ылайык, мигранттын жүргөн жери тууралуу маалымат системага үч жумуш күндөн ашык түшпөсө, ал каттоодон чыгарылат.
Бийликтин планы боюнча, келечекте «Амина» толук кандуу миграциялык сервиске айланышы керек. Тиркеме аркылуу патенттин акысын төлөө, миграциялык борборго жазылуу жана башка кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгү каралууда.
Укук коргоочулар болсо тиркемени сындап келишет. Алар бийлик ыңгайлуу сервис катары сунуштап жаткан система санариптик көзөмөлдүн куралына айланып, келечекте миграция тармагынан тышкары Орусиянын башка тургундарына да жайылышы мүмкүн деп кооптонушат.
Шерине