Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Блогер Бакмурат Токтогулов дүйнөдөн кайтты

Бакмурат Токтогулов
Бакмурат Токтогулов

Блогер Бакмурат Токтогулов оорусуна байланыштуу 42 жашында дүйнөдөн кайтканын анын санаалаштары соцтармактарга жазышты. Маалыматты маркумдун жакындары "Азаттыкка" ырастап, Бакмурат Токтогулов 19-августта эртең менен ооруканада, жандандыруу бөлүмүндө каза болгонун билдиришти.

Алардын сөзүнө караганда, маркум ооруканага кан басымы жогорулап, 18-августта түшкөн.

Токтогуловдун төрт баласы калды. Ал социалдык тармактарда бийликти сындап жазган посттору үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте сурак берген.


Шерине

​
XS
SM
MD
LG